Видео – Улугбек Ормонов: “Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Рустамов камалганына 2 ай болду, эмнеге анын ордуна эч ким дайындалбай жатат?”

“Урматтуу төрага, мына Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдымалик Рустамовдун камалганына 2 ай болуп калды. Бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде аткаруучу-жетекчи жок. Эмне себептен? Эмне өкмөткө ал жерге жетекчи дайындоо кереги жокпу? Алмаз Ахунжанович, (ред: өкмөттүн парламенттеги өкүлү) ушул маселе боюнча айтып койсоңуз”, – деп кайрылды “Бир бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулап жатып. Өкмөттүн өкүлү чоңдоруна жеткирүүгө макул болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *