Видео – Улугбек Ормонов: “Бизде мамлекет барбы же жокпу? Мамлекеттик ишканаларда кызматка бекитилбегендер жетекчи болуп иштеп жатышат”

“Бизде мамлекет барбы же жокпу? Мамлекеттик ишканаларда кызматка бекитилбегендер жетекчи болуп иштеп жатышат. Мисалы, Оштогу мамлекеттин үлүшү бар “Дюбек” тамеки заводунда акционерлер жетекчиликке бекитпей койгон адам дагы эле жетекчи болуп иштеп жатат. Премьер-министр аны кызматтан алгысы келбейт”, – деп билдирди кечээ, 12-майда Жогорку Кеңештин профилдүү комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов.

“Былтыр, 2019-жылдын сентябрында Мамлекеттик мүлк агенттигинин жетекчиси мамлекеттин үлүшү бирок начар иштеп жаткан 5 ишкананын жетекчисин кызматтан алуу сунушун премьер-министрге расмий киргизген. Бирок үн катпай жүрүп, бирөөсүн быйыл апрелде араң кызматтан алды. Мен премьер-министрге таң калам. Иштей албаган жетекчини эмнеге кетирбейт? Ал ишканалар жеке менчик эмес, мамлекеттин үлүшү бар ишканалар да. Иштей албаган жетекчини кетирип, мыкты кадрларды алып келиш керек да”, – деп ачууланды депутат Улугбек Ормонов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *