Видео – Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: «Жаштар иш-чара өткөрө тургандай Өзгөн районунда стадион жок. Ушул маселени чечип бериңиздер!»

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында  ар кайсы маселелерди көтөрүп, өкмөттұн мүчөлөрүнө сунуштады.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, эң чоң деп эсептелген Өзгөн районунда жаштар өткөрө тургандай стадион жок. “Маданий, спорттук иш-чараларды жаштар өткөрө тургандай стадион жок. Жок эмес, эскилиги жеткен стадиондун орду бар. Абалы өтө начар. Жаңы салуу эмес, ошол стадионду оңдоо-түздөөгө жардам берип койсоңуздар. Ушул маселени 2020-жылдагы бюджеттин эсебине киргизип койсоңуздар»,-деди депутат У.Ормонов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *