Видео – Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси троллейбус менен Аламүдүн базарына эт алганы барды

Кечээ, 25-августта Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарлз Эдмунд Гаррет Бишкектин троллейбусуна түшүп алып, “Аламүдүн” базарына эт алганы барганын видеотасмага тартып алып, өзүнүн Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
“Бүгүн менен Аламүдүн базарында болдум. Кандай сонун жер! Ал жерден жакшы эт сатылат экен, жана Кыргызстандын бардык жагынан келген кызыктуу, ак көңүл кишилерди жолуктурдум”, – деп жазган элчи видеотасмасын коштоп.
Чарлз Эдмунд Гаррет эт базарын аралап жүрүп, малдын жүрөгүн сатып жаткан аялдан анын кыргызча аталышын тактаган, бир нече эт сатуучулар менен таанышкан.
Элчи Твиттер социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары да белгилүү. 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси троллейбус менен Аламүдүн базарына эт алганы барды

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси троллейбус менен Аламүдүн базарына эт алганы бардыКечээ, 25-августта Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарлз Эдмунд Гаррет Бишкектин троллейбусуна түшүп алып, "Аламүдүн" базарына эт алганы барганын видеотасмага тартып алып, өзүнүн Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады."Бүгүн менен Аламүдүн базарында болдум. Кандай сонун жер! Ал жерден жакшы эт сатылат экен, жана Кыргызстандын бардык жагынан келген кызыктуу, ак көңүл кишилерди жолуктурдум", – деп жазган элчи видеотасмасын коштоп.Чарлз Эдмунд Гаррет эт базарын аралап жүрүп, малдын жүрөгүн сатып жаткан аялдан анын кыргызча аталышын тактаган, бир нече эт сатуучулар менен таанышкан.Элчи Твиттер социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары да белгилүү.Булак: Kyrgyztoday.kg

Опубликовано KyrgyzToday/Кыргызстан сегодня/Кыргызстан бүгүн Воскресенье, 25 августа 2019 г.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *