Видео – Ырчылар өз үйүнөн онлайн концерт берип жатышат

Кыргыз Республикасынын Маданият,  маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу аркылуу  “Тумар” радиосу менен биргеликте кыргыз эстарда жылдыздары өз үйүнөн онлайн режиминде концерт берип баштады.

Алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлнур Сатылганованын концерти болду.

Онлайн концерт 2- апрель күнү кечки саат 21:00 башталып,  бир жарым саатка улантылды. Үй шартында уюштурулган концерт профессионалдык техника менен тартылып, Tumar TV ютуб каналынан жана Маданият министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу  көрүүчүлөргө сунушталды. Онлайн концерт учурунда 7000ден ашуун жарандар түз эфирде көрдү.

Ырчы концерттин жүрүшүндө кыйын кырдаалда кызмат кылып жаткан медицина жана күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктарды үйдө болууга, карантиндин эрежелерин сактоого чакырды.

Белгилей кетсек, концертте Гулнур Сатылганованынын уулу Арназ дагы катышып, англис тилинде ырдап берди. Бул сыяктуу концерттер карантин учурунда дагы уланат жана кошумча маалыматтар берилип турат.

Концерттин жүрүшүн төмөндөгү шилтеме аркылуу көрүүгө болот:

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *