Видео – Жалал-Абад облусунда таажывирус жайылып кетпеш үчүн шаар четтеринде жана айыл аймактарда 59 бекет коюлду

Бүгүн, 22-мартка карата Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 59 блок-пост иштеп жатат. Таажывирус оорусу жайылып кетпеш үчүн шаар четтеринде жана айыл аймактарда блок посттор коюлган. ИИМнин кызматкерлери берилген тапшырманы так аткарууда. Ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруучу маселе, бул калкты кѳчѳгѳ азырак чыгып, чыккан учурда беткап менен чыгуу зарыл экендигин айтып, түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүп жатышат. Ал эми айрым айыл аймактарда эл өзүнүн күчү менен постторду орнотуп, калкты ашыкча чыгарбоо жана чет жактан келген чоочун адамдарды киргизбѳѳ дагы каралып жатат.

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *