Видео – Жалал-Абад облусунда таажывируска каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу Аксыдагы Кош-Дөбө айылында тосмо-бекет коюлду

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад облусундагы таажывирустун жайылышына каршы киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылына да тосмо-бекет коюлду. Бул тууралу айылдык депутат Кадырбек Парманов билдирди.

Мындай бекеттер Аксы районунун ар бир айылына коюлуп, ар бир айылга кирип-чыккандарды тыкыр көзөмөлгө алып, зарыл иши болбосо үйдөн чыкпоого, бир үйдөн бир гана адам азык-түлүккө барууга боло турганын түшүндүрүп жатышат. Коомдук транспорттун каттамдары чектелип, алыскы жолго – Жалал-Абад, Ош, Бишкекке аттанбоону, жолдун баары жабык экенин эскертишүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *