Видео – Жалган маалымат менен күрөшкөндөр кээде өздөрү жалган айтат

Бүгүн Бишкекте – жалган маалыматтарга арналган тегерек столдогу талкуу уюштурулуп, ага маданият министри Азамат Жаманкулов да катышты. Анын айтымында, мындай фейк-жаңылыктар жалпы журналистикага болгон элдин ишенимин ириткени менен кошо демократияга да доо кетирип жатат жана андан негизги маалымат каражаттары да жабыркоодо.

Акыркы мезгилде бул көрүнүш Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде дагы маселеге айланууда жана социалдык тармактарда жарыяланган кабарларды кылдат текшерүүгө туура келип калды. Аны менен катар маселенин экинчи да жагы бар – сынга кабылган адамдар же уюмдар кандай болбосун сынды фейк деп жарыялап, кутулуп кете баштады. Си-эн-эн менен Би-би-сини фейк деп атаган Америка президентин эле эстесе болот.

Кыргыз министри болсо бүгүн – Кыргызстанда иштеп жаткан кытай инвесторлорун коргоо үчүн Кытайдын өзүнөн сакчылар келет экен деген жакында жарыяланган маалыматты мисал катары келтирди. Солтон-сары кенинде иштеп жаткан кытайлык жумушчулар жергиликтүү калк тарабынан таш баранга алынганын эстегенде, мындай жаңылыкка ким болбосун ишенет, анткени анда логика бар.

«Баарыңардын эсиңерде, өтө деле белгилүү эмес маалымат сайттарында 25-август күнү – Кыргызстандагы кытай инвесторлорун коргоо үчүн Кытайдан атайын сакчылар келет экен деген маалымат тараган… Жалган маалымат таратуу менен сөз эркиндигин коргоо маселелерин айкалыштырып, фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү азыр жалпы эл аралык маселеге айланууда», – деди бүгүн министр Азамат Жаманкулов.

Ар башка мамлекеттер жалган жаңылыктарга каршы ар башка ыкмаларды колдонууда, мисалга, атайын мыйзамдар кабыл алынат, аткаруучу бийликтин курамында же ошол эле маалымат каражаттарынын өзүндө атайын түзүмдөр пайда болууда. Бирок, кайрадан эле, маселенин экинчи да жагы бар – ошол эле маалымат каражаттары же аткаруучу бийлик айрым фейк-маалыматтарга өздөрү да кээде кызыкдар.

Мисалга, «Бешинчи каналдын» обосуна 23-августта автордук материал чыккан жана ал – «Азаттык» үналгысынын жетекчилигинин мурдагы президент Атамбаев менен тымызын байланышы болгон деп 19-августта 5 коомдук ишмер жарыялаган ачык катка арналган жана ар бир факт боюнча ошол катка шилтеме жасалган. Жакында эле «Азаттыктын» Тажик кызматында да ошондой болгонун радионун жетекчилиги моюнга алды.

Бирок жалган маалыматтарды ашкерелөө үчүн атайын түзүлгөн «Фактчек» деген сайт ал шилтеменин баарын көңүлгө илбестен, айтылган факттын баарын «Бешинчи каналдын» автору өзү ойлоп чыгаргансып көрсөтүп, аны кечээ күнү манипулятор деп күнөөлөп чыкты. Муну фактыларды бурмалоо деп атаса болот жана башка бирөөнү манипуляциадан күнөөлгөндөр өздөрү атайылап манипуляцияга барууда.

Тактык үчүн так эмес ыкмалар аркылуу күрөшүү мүмкүн эмес, адилетсиз аракеттер менен адилеттүүлүк орнобойт, арам ниет менен адам же уюм адал боло албайт. Ошондой эле ыкма менен май айында «Азаттык» – өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кетти деп чыкты, бирок ал иликтөөдө документтер так болгон эмес, алардын айрымдарына коюлган кол тамга интернеттен алынган көчүрмө болуп чыкты, убадаланган уланды дагы жок.

Жана ушундай фейк-аракеттерге – фейк менен күрөшүү үчүн түзүлгөн «Фактчек» же ондогон жылдар бою кыргыз журналисттери үчүн үлгү болуп келген «Азаттык» барып жатканы – өтө терс көрүнүш. «Эркин Европа» жана «Азаттык» радиолорунун жаңы президенти атайын Бишкекке келип, бирок анын үналгысына карата сын айткандар менен жолукпай кеткени дагы бул радионун жетекчилигине аброй алып келбейт ко.

Маселе – кыргыз эле коому эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук акыркы жылдары опурталдуу багытта өнүгүп кетип баратканында. Жалпы кызыкчылыктардан мурда азыркы коом тар чөйрөнүн кызыкчылыктарын көздөп калды жана, мисалга, Африка менен Азиядан качып келген мигранттарга каршы демократиялык Европада дагы улутчул уюмдар түзүлө баштады жана ошолор коомдук колдоого алынууда. Бүткүл дүйнө өзгөрүп баратат. Кеп ошондо.

Булак: 5-канал

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *