Видео – Жанар Акаев Болот Темировдун сабалышы боюнча эмнелерди айтты?

Бишкекте Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун сабалышы боюнча депутат Жанар Акаев видео кайрылуу жасап, Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Эл өкүлү өзүнүн видеосунда: “Чак түштө сабап кеткен кылмышкерлерди табууда Ички иштер министрлигинин кайдыгерлиги, алардын ишинин солгун болуп жатканы баарыбызды кыжырдантты. Анткени Кыргызстанда коррупцияны, адилетсиздикти жазган эч бир журналистке мындай мамиле болбош керек. Сөз эркиндиги — биз сыймыктана турган жалгыз гана нерсебиз деп айтып келебиз. Азыр жалгыз мактанар нерсебизди сактап калышыбыз керек” – дейт.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинен жана бардык күч структаралырынан Болот Темировду сабаган зөөкүрлөрдү табууну талап кылды. Ошондой эле уурулар, кылмышкерлкр, зөөкүрлөр журналисттерге кол салгандар коркуп калган абалга жеткириш керектигин айтты.

Эсиңиздерге сала келсек, өткөн аптада Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго белгисиз адамдар кол салып, аны ур-тепкиге алып, качып кетишкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *