Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев айыл чарба тармагынын ардагерлери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 26-январда, айыл чарба тармагынын ардагерлери менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Жолугушуда республикадагы айыл чарба тармагынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу талкуу болду.

Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо тууралуу Жарлыгына байланыштуу айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, бүгүнкү күндө агрардык секторду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты болуп эсептелерин белгиледи.

Вице-премьер-министр айыл чарба тармагынын көрсөткөчтөрүнө кыскача токтолуп, акыркы жылдары айыл чарбада жигердүү өсүү байкалып жатканын кошумчалады. Аны менен катар ал тармакты өнүктүрүүгө көптөгөн жылдарын берген ар бир айыл чарба ардагеринин жаш адистер менен бөлүшө турчу бай тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Жоолугушунун жүрүшүндө айыл чарбанын ардагерлери айыл чарба кооперативдер, асыл тукум мал ишканалар, ирригациялык системаны модернизациялоо, айыл чарба өңдүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген насыяларды алуусун жеңилдетүүгө тийиштүү бир катар маселелерди көтөрүштү.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бүгүнкү көтөрүлгөн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сөзсүз эске аларын белгиледи.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *