Вице-премьер-министр Тарых музейиндеги өрт кесепетинен келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүүнү тапшырды

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева 6-августта, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Кыдыруу учурунда маалымдалгандай, музейди реконструкциялоо иши эки баскычта аткарылат. Биринчи баскыч алкагында музейдин имаратынын «Ала-Тоо» аянтына чейинки аймактагы фасадынын жарыктандыруусун өзгөртүү пландаштырылууда. Экинчи баскычта музейди реконструкциялоо иши толугу менен жыйынтыкталат.

Вице-премьер-министр ошондой эле музейдин айрым бөлмөлөрүндөгү өрттүн кесепети менен таанышып, өкмөттүн аппаратына өрт кесепетинин натыйжасында келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссия түзүү жана реконструкциялоо учурунда Мамлекеттик тарых музейинин алтын фондун Улуттук банкта убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүү тапшырылды.

Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы негизделген. Заманбап имарат 1984-жылы курулган. Музей Борбор Азиядагы ири объектилердин катарына кирет, мында 135 миң жакын артефакт жана өлкөнүн кайталангыс тарыхый жана маданий эстеликтери сакталат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *