Вице-спикер ким болот?

ЖК төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева депутаттык мандатын тапшырып, энергетика тармагына чоң болуп кеткенден бери вице-спикерлик орун бош туру. Оппозициядагы фракциялардын энчисине тиешелүү бул орунга ээлик кылуу аракети күчүндө.

Жакынкы күндөрү депутаттар жабык добуш берүүнүн негизинде жацы вице-спикерди шайлашат. «Республика Ата- Журт» депутат Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин алып чыкса, «Бир Бол» фракциясы Чолпон Жакупованы бул орунга ыраа көрүүдө.

Фракциясына Жогорку Кеңештен бир да орун тийбей калган Өмүрбек Бабанов Алтынай Өмүрбекованын вице-спикерликке шайланып калуусу үчүн катуу аракет көрүп атканын эшиттик.

«Бир болчулар» болсо жеңиш бизде болот деген ишенимде дейт. Ал эми ЖК ичиндеги күбүр- шыбырларга ишенсек, жогору жактан Чолпон Жакуповага добуш берүү командасы берилиптир. Эгерде эле Чолпон айым вице-спикерликке шайланса, андадагы бир ирет жеңилүү ызасын тарткан Өмүрбек мырза катуу «жарылат» го, ыя?

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *