БИЗНЕСМЕНДЕР САЯСАТЧЫЛАРДЫ ЖЕҢДИ

«ТИРҮҮЛӨР ГАНА ДОБУШ БЕРИШТИ»
Шайлоонун 8-октябрга карата болжолдуу жыйынтыгы боюнча, республикалык 7 пайыздык, аймактык 0,7 пайыздык босого чектен өткөн партиялар Жогорку Кеңештин VI чакырылышында алышы мүмкүн болгон мандаттардын саны жана алардын үгүт иштерине короткон чыгымы:

Шайлоого 1 миллион 589 миң 479 киши катышты. Шайлоочулардын ар бир үчүнчүсүн 20 жашка чыга электер түздү. Биометрикалык маалыматын 2 миллион 761 миң 297 киши тапшырган. Ошондо жалпы добуш берүүчүлөрдүн 58 пайызга жакыны гана атуулдук парзын аткарды. Буга байланыштуу өкмөт башчы Темир Сариев: «Добуш берүүгө келгендердин баары тирүү адамдар. Биз «карусель» дегенге каршы бөгөт коё алдык»,– деди. Жаңы тартипте биринчи жолу өткөрүлгөн шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам добуш бере албай калгандар болду.

ДЕЖАВЮ: КАЙТАЛАНГАН ОКУЯЛАР
2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП марага экинчи болуп келсе, бул сапар президенттин партиясы биринчи болуп келди. Ал эле эмес мурдагы жеңүүчү «Ата Журтка» караганда позициясын кыйла бекемдеп, 38 мандатка ээ болду. Албетте, шайлоо жарышына аттанганда 40тан ашуун мандатка, тагыраагы, депутаттык корпустун үчтөн бир бөлүгүнө ээ болууну көздөшкөн эле. Ал максатка бир кадам жетпей калышты. Демек, Акаевдин «Алга, Кыргызстаны» менен Бакиевдин «Ак жол» партиясы шайлоолордо депутаттык корпустун дээрлик бардык креслосун ээлегендей абсурд көрүнүштөр артта калды.
5 жыл мурун биринчи жана төртүнчү болуп келген «Ата Журт» менен «Республика» бул жолу бир жакадан баш чыгарышканы аларга экинчи орунду камсыз кылды. Өмүрбек Бабанов премьерликтен кеткенден кийинки 3 жылын текке кетирбегени көрүнүп турат.
«Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болго» келсек, жаңыдан пайда болуп, тажрыйбалуу партиялар менен үзөңгү талаша Жогорку Кеңешке жетишти. Сюрприз жараткан бул үчилтикти дагы эмне бириктирип турат? «Кыргызстандын» демөөрчүсү болбосо да, бетке кармар лидери Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болдун» эки чылбырды бирдей кармаган башчылары Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов 2010-жылы «Республиканын» катарында депутат болуп шайланышкан. Аталган 3 партиянын курамы көбүрөөк ишкерлерден турганы идеологиялык негизде түптөлгөн саясий партия эмес, бизнес-шериктештик деп атоого жем таштайт. Дал ушул 3 партиянын жеңишинен улам да жаңы парламент «Олигархтардын Жогорку Кеңеши» атала баштады.
«Ата Мекен» талапкерлер тизмесин Мелис Мырзакматов, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башка таанымал жүздөр менен толуктап, үгүт кампаниясына бир топ каражат сарптаганына карабай бул сапар да марага соңку болуп келди. Өмүрбек Текебаевден тышкары Адахан Мадумаров да 5 жыл мурунку кейипте. Ал бул жолу айтылуу ишкер Аскар Салымбеков менен бириккенине карабай «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясы 7 пайыздык босого чекти багынта албай турат. 2010-жылы Мадумаровго депутат болууга 0,1 пайыз жетпей калган эле.

«ТАЗА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МЕНИН КЫЯЛЫМ БОЛЧУ»
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев добуш берүүдөн кийин: «Таза шайлоо өткөрүү менин кыялым болчу жана ал орундалды. Кимге жана кандай добуш берүү – бул эми сиздердин укугуңуздар. Добуштарды так эсептеп чыгууну бийлик камсыздайт»,– деди.
КСДПнын жалпы шайлоочулардын 27,4 пайыздык колдоосуна ээ болгонуна көңүл бурсак, демек, калган 72,6 пайыз добуштар башка партияларга берилди. Мындай көрүнүш Кыргызстанда тандоо эркиндиги бардыгын көрсөтөт.

КСДП ПРЕЗИДЕНТКЕ ТИРЕК БОЛО АЛАБЫ?
Электен өткөн 6 партия КСДПга ар кандай комбинация түзүүгө кенен жол ачып берет. Коалицияны куроо ишеними президент тарабынан КСДПга берилери күмөн жаратпайт.
Чү дегенде эле КСДП жыл башынан бери сөз болуп келе жаткан «президенттик партиянын клондору» атыккан партиялар менен коалиция курат дешүүдө. Алар – «Кыргызстан», «Бир бол» жана «Өнүгүү-Прогресс». КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков: «Жогорку Кеңешке идеялык жактан жакын партиялар өтүп жатат»,- деди. Идеялык жактан жакын деп кимди айтып жатканын коалиция куралганда көрүнөт. «Республика-Ата Журт» да коалицияны түзүүдө вариант катары каралып жатат. Ал эми «Ата Мекенди» жакынкы 5 жылда оппозиция болот деп бүтүм чыгарып койгондор көп.
Парламенттик шайлоо 2 жылдан кийин өтүүчү президенттик шайлоого старт берди. Ал убакыт ичинде Улуттук стратегиялык өнүгүү долбоору, «Кумтөр», Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, соттук реформа жана башка толгон-токой маанилүү маселелерди чечүү керек. КСДП мына ушул иштерди жүзөгө ашырууда парламенттин ичинде президентке бекем тыл болуп берүүсү зарыл. Анткени эл «президентти колдойлу» деген чакырыктын негизинде дал ушул партияга ишеним артты.

КИМДЕР КЕТТИ? КИМДЕР КЕЛЕТ?
Болжолдуу жыйынтыктын негизинде жаңы депутаттардын катарында кимдер болбойт, көрүнүктүүлөрүнө көз жүгүртсөк. Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошова, Карганбек Самаков, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Феликс Кулов жана башкалар.
Жаңы депутаттарга келсек, азыркы тапта жеңишке жетишкен партиялардын штабдары талаш-тартыштын чордонуна айланып, парламентке ким келет да, ким тизмеден чыгат деген маселеге баш оорутуп жаткан убагы. Партиялардын “жазылбаган” мыйзамына ылайык, бөлүнгөн аймагынан көп добуш алган талапкер гана депутат болуп келет. БШК талапкер катары каттоодон баш тарткан Мелис Мырзакматовдун мисалында карап көрөлү. Ал талапкер бойдон калса, шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Ата Мекен» ага мандатты карматпай коюшу мүмкүн эле. Ош шаары боюнча «Ата Мекен» 4328 добуш, ал эми КСДП 29 413 добуш алган. Айырма 6 эсеге чейин көптүк кылат. Андыктан БШКга жакында тизмедеги ордун кийинкиге бошотуп берүү үчүн талапкерлердин арыздары жаап баштаары күтүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *