XX кылымдагы кыргыз элитасынын арстандары

Замандын оомалуу төкмөлүүлүгүнө, жарыгы жанды жалтантып турган тарыхый турмуштун талаштуу тамырына, көз караштардын кызыл кыргын түшкөн күрөштөрүнө карабастан, Жусуп Абдрахманов каракулак кабыландай чындык, эркиндик үчүн ак ниети менен арекеттенген. Ал 1926-жылы кырыздардан эң алгачкылардан болуп Россия коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук Комитетинде (Кремльде) бөлүмдүн баштапкы партиялуу уюмунун секретары болуп иштеген. Андагы партиялык уюмда ошол кездеги СССРди башкарып турушкан И. В. Сталин, В. М. Молотов, К. Е. Ворошилов жана башкалар болгон. Жусуп Абдрахмановдун тайманбас, коркпос, жүрөгүндө жалы бар, оозунда оту бар, көк жал экендигин анын Сталинге жазган қаттары, Түркестандын, Кыргызстандын партиялык уюмдарынын Орто Азиялык, республикалык жыйындарында сүйлөгөн жагымдуу үндөрү, 1928-1931-жылдарда жазган күндөлүгүндөгү, райондук, областык, Россиялык жана бүт Советтер Союзунун ар кандай жетекчилерине берген так, таасын мүнөздөмөлөрү далилдейт!

1927-жылдын март айында жаңы түзүлгөн Кыргыз автономиясынын Эл коммиссарлар Сотетинин төрагалыгына дайындалышы Жусуп Абдрахмановдун эс тартып, элдин кызматына келгенден бери кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жандуу күрөшүнүн туу чокусу болгон. Анда ал болгону 26 гана жашта болчу.

Кыргыздардын өз алдынча мамлекет болуу үмүтү кылымдардан бери биринчи жолу 1924-жылы 18-октябрда РСФСРдин курамында уюшулган Кара-Кыргыз автономиялык облусу болгон. Орто Азия элдеринин ортосунда улуттук бөлүнүү, алардын ортосундагы чек араларды тактоо айгышкан талаш тартыштардын, элдешпестей күрөштөрдүн болушу менен коштолгон. Ошого карабастан, Кара-Кыргыз автономиялык областынын РСФСРдин курамына кириши “улуттук бөлүнүүгө” кыргыздардын уруулук бөлүнүшүнө карабастан, Бирдиктүү бүтүндүккө айланышына, туруктуу аймагы болгон экономикалык, маданий жалпылык болуу менен мамлекеттүүлүктүн советтик түрлөрүнүн жогорку деңгээлине – республикага жана союздук республикага айлануу мүмкүнчүлүгүнө эшик ачылган. Мындай болоорун ошол кездеги партиялык мамлекеттик элитанын арасынан Жусуп Абдрахманов ачык түшүнгөн жана акылын, күчүн, партиялык тажырыйбасын, кызматка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошону ишке ашыруу үчүн күрөшкөн! Арадан 16 ай өткөндөн кийин, 1926-жылы 1-февралда Кыргыз автономиялык областы (“Кара Кыргыз” деген түшүнүк 1925-жылдын май айынын аягында алынып таштаган). Кыргыз автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра түзүлгөн жана анын өкмөтүнүн төрагалыгына Жусуп Абдрахманов дайындалган. Республикалык наам мамлекекттүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү менен мамлекттин сапаттарына, атап айтканда Конституцияга, башкаруунун-мамлекеттик уюмдарына, жарандардын укугун, эркиндигин аныктоого жана улуттун бүтүндүгү катары өнүгүшүнө ээ болгон.

Дагы да кайталагыбыз келет, Жусуп Абдрахманов Кыргызстандын өткөн кылымдагы 20-30-жылдардын аралыгында өзүнүн жемиштүү ишмердиги, таштын уюлундай уюган уюштуруучулук таланты менен өз элинин бакубатчылыгына жана улуттун мамлекеттүүлүгүнүн жаралышына зор салымын кошкон мамлекеттик жана саясий залкар ишмер болгон. Муну эч ким тана албайт! Кеменгер Жусуп профессионалдык жогорку даярдыгы, жетекчи катары табигый таланты, алысты көрө билген саясий көсөмдүгү менен кескин айырмаланат. Анын Кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн жаралышындагы зор салымын эч унутууга болбойт!

1922-жылы эле Кыргыз тоолуу облусун түзүү боюнча эң алгачкылардан болуп демилге көтөргөн. Жогоруда белгиленгендей 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусун түзүү иштерин жетектесе, андан соң Кыргыз АССРине Союздук Республика статусун берүү максаттуу жана өтө зарыл экендигин ар тараптан негиздеген. Мына, Жусуп Абдрахмановдун ошол улуу эмгеги текке кетпеди, 1936-жылы Кыргызстан Союздук Республика болду. Ж. Абдрахмановдун бул жеңиши өз алдынча Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, анын Союздук Республика катары статуска ээ болушу, 1991-жылы эч кандай саясий чайпалып төгүлүүсүз Кыргыз Республикасынын толук эгемендүүлүгүн жан күнкорсуздугун жарыялоонун укуктук негизи боло алды. (Эгер өз өмүрүн тобокелге салган Жусуптун мындай эмгеги болбогондо азыр кайда, кайсы мамлекеттин туусунун алдында жүрмөкпүз, ким билет…) Бүгүн биз ушуну түшүнүшүбүз керек эле. Анте албадык. Антмек турсун азыркы жетекчилерибиздин, “жалпы журтту башкармакчымын” деп так талашка түшүп кыйсыпыр түшүп жаткан талапкерлердин бирөөсүнүн оозунан Жусуп деген сөз айтылбай келет. Аттиң! Өтө өкүнүчтүү! Тескерисинче Ж. Абдрахманов унутта калып, уруунун деңгээлиндеги билермандарды даңазалап келебиз. А чынында Жусуп Абдрахманов өзүнүн кыска өмүрүндө өтөгөн иши, мекенчилдиги менен улуттук идеологиянын нугун салган кеменгер болгон.

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *