Январь-август аралыгында Кыргызстанда орточо айлык акы – 236 долларды же 16,4 миң сомду түзгөн

Бул тууралуу 5-ноябрда журналисттерге КРнын Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов айтып берди. Анын айтымында, кесибине байланыштуу кызматкерлердин орточо айлык акысы – 8,7 миң сомдон 36,2 миң сомдун ортосунда болот экен.

Каржы ортомчулугу жана камсыздандыруу – 36 миң 209 сом, маалымат жана байланыш – 32 миң 260 сом, электр энергиясы, газ, буу, кондиционер менен камсыз кылуу тармагында – 30 миң 995 сом, транспорт жааты менен жүк сактоодо – 24 миң 924 сом айлык алышат. Орточо айлыктан кем алгандар: билим берүүдө – 11 миң сом 379 сом, медицина жаатында – 10 миң 198 сом.

Соңку 5 жылда орточо айлык акы 33 пайызга көбөйгөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *