Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япониянын Тажикстандагы элчилиги «Лангар» көзөмөл өткөрүү пунктун куруп, Тажикстандын бажы кызматына тапшырды. Аталган пункт мамлекеттин Афганистан менен чектешкен аймагына курулган. Элчиликтин маалыматында, аны курууга 1 млн 380 миң доллар сарпталган. Ал административдик мекеме, суу жана канализация менен жабдылган жатакана, сактоочу жайы менен.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *