Японияда түрк тилдүү өлкөлөрдүн артисттеринин концерти өтөт

12-21-ноябрда Токио, Кавасаки, Йокогама жана Хамаматцу шаарларында Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигинин демилгеси жана Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Түркмөнстандын Япониядагы элчиликтеринин жардамы менен, түрк тилдүү өлкөлөрдүн белгилүү солисттеринин катышуусу менен, түрк дүйнөсүнүн алдыӊкы обончуларынан түзүлгөн ТҮРКСОЙдун Эл аралык элдик аспаптар оркестринин концерттери өтөт.

Ал эми 16-ноябрда кыргыз эл жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо алкагында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия Федерациясынан Башкортостан, Саха (Якутия), Тува, Хакасия, Молдавадан Гагаузия жана Монголиянын обончуларынын, солисттеринин жана бийчилеринин улуу жазуучага арналган концерти өтөт.

Ушуну менен бирге пландаштырылган иш-чаралардын алкагында музыка жана бий семинарлары, жана Токио көркөм-өнөр университетинин окуучуларына концерт-лекция өткөрүлөт. Бул иш-чаралар тажрыйба алмашууга жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *