Ыдырыс Исаков, журналист: “Негизи кыргызда Сайдулла Нышанов түшүнбөй калгыдай кыйраткан говор деле жок”

Журналист Ыдырыс Исаков депутат Сайдулла Нышановдун “Диалектиңерди үйүңөрдөн сүйлөгүлө”, “бардыгы бир тилде сүйлөшү керек” дегенин сынга алып, Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост жазган.

Бая күнү ЖК депутаты Сайдулла Нышанов адабий гана тилде сүйлөөнү талап кылып чыкты. Говор менен сүйлөөгө тыю салууну демилгеледи. Көчөдөгү бирөө ушул сөздү айтса “а оозуна алы келбеген бир акмак сүйлөптүр да” – деп, көңүл бурбай койсок боло бермек. Депутаттар өздөрү айтмакчы, “ыйык трибунада” айтылган демилгени талдоого албай, таштап койгонубуз болбостур.

Негизи кыргызда Сайдулла Нышанов түшүнбөй калгыдай кыйраткан говор деле жок. Баса, түштүк тарапта Садулланы Сайдилла эле дейт. Говорду Индия көйгөй десе болот. Бир жеринин говору менен сүйлөгөн кишини башка жериндеги 200 миллион киши түшүнбөй коёт. Башка жеринин говорунда сүйлөгөн кишини наркы жериндеги бери дегенде 100 миллион киши түшүнө албай жүдөйт.
Алгач баарыбыз сыймык туткан Манас эпосубуздан бир эки мисал келтирейин.

Атасы айтып келди деп,
Ажына * шайтан минди деп,
Не болгонун биле албай
Энтелеп мага келди деп, Манастын тентектиги тууралуу Сагымбайдын вариантында айтылып аткан жери.

Нышанов ушул саптардын ичинен Ажына деген сөздү түшүнбөй калышы мүмкүн. Негизи ал ичкилик кыргыздарында Ажына эмес Ажина деп айтылат. Кыргыз алфавитинде “К”нын, “Г”нын, “А”нын, “В”нын жумшак түрлөрүн түшүндүргөн тамганын жоктугунан байкуш жазуучулар сөздөрдү ката жазып жүрүшөт.

Сагымбайдын вариантындагы Манастын түшүндүрмөсүнөн мисалдар:
А ж ы н а — жин (Түштүктө тирүү).
А ш ы к — чүкө (Түштүктө тирүү).
Б а а р — эрте жаз (Түштүктө тирүү).
Б а р а ң — оозунан октолуучу мылтыктын жалпы аты, милтелүү мылтыкты да, пистон менен
атылуучу мылтыкты да бараң деп атай беришет. Мисалы: Көк бараңды октоду, Көк милтени
чоктоду.

2000-жылдары айылдагы кошокчу кемпир: Ак бараң мылтык асынып, Аяктай ташка жашынып -деп, аскерден кайтпай калган бир тууганы жөнүндө ырдаганын өз кулагым менен укканмын.
Ж а ң г е л — чер токой, токой. дегенди ичкилик кыргыздар Жаңгал дейт. Муну мен кичинекейимде жайлоодо колдонуп эле жүргөн сөз. Азыр да колдонулат. Бул да түштүктө тирүү сөз.
Ж у д а — такыр, бардыгы. Муну Ичкили кыргыздары “өтө” деген маанида колдонот. (Түштүктө тирүү)
К а л б а — жаңжал, чатак, чыр, уруш. Калба эмес “Галба” деп айтылат. Мүшкүл, ашыкча түйшүк деген мааниде азыр да колдонулат. (Түштүктө тирүү)

Бул Манас эпосунан алынган аз гана сөздөр. Мына ушул сөздөр ичкилик кыргыздардын арасында азыр да кадимкидей колдонулат. Бул сөздөрдү китеп окубаган жаштар менен депутат Нышанов түшунбөсө эле адабий тилдин катарынан сызылып калбайт да.

Нышановдун логикасы боюнча адабий билдин талабына төп келбейт деп, Манас эпосун сызып салышыбыз керекпи? Сулуу кызды “Гөзал кыз” деп ырдаган Барпыны адабияттан өчүрөбүзбү?

Кыргыз жазма адабиятынын баштоочусу Молдо Ниязды тарыхтан тазалап чыгабызбы?

Кыргыз адабиятында эң салмактуу, тарыхий фактыларга абдан негизделип жазылган, Төлөгөн Касымбековдун Кел-Кел, Сынган Кылыч романдарын кантебиз? Ал романдар Аксы, Баткен, Ноокат, Алай кызгыздары тутунган, азыр айткан Манас эпосунда кеңири колдонулган “Нышановдун адабий эмес” тилинде жазылган да. Эми Т.Касымбековдун романдарын өрттөйбүзбү?

Менимче Нышанов, өзү да китеп окуп, азыр “сен Оштукча сүйлөбө” -деп, бирин-бири бөлүп аткан жаштарды китеп окууга чакырса жарашмак.

Негизи Кыргыз тили байыш керек. Аны байытуу үчүн алыс барбай эле Өзүбүздүн Манасыбызды бир сыйра окуп, ошондогу сөздөрдү кайра колдонууга киргизсек болот.

Столду-үстөл, утюгду-үтүк деп кыргыз тилине оодаргандай эле башка сөздөрдү эл Нышановдон сурап отурбай эле колдонуп алат. Котормосу жок болсо кантет анан. Таң калганым: орустун сөзү кирсе мейли деп, кыргызстандын эле түштүк тарабында жашагандардын тилин сиңирип, байыткандын ордуна жээрип келебиз. Тил негизи жаңы сөздөрдөн, говордон бузулбайт. Жаргондон бузулат. Сөздүн байлыгы тилдин көркүн арттырат.

Кээде бар сөздү жээрип, чоркоктонуп оозубузга келгенди сүйлөп жүрөбүз. Мисалы: Токтогулдун
Алымкан ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Атка бир салган жүлдөйсүң -деген саптарын түшүнбөй,
Атка бир салган ДИЛДЕЙСИҢ, ДҮРДӨЙСҮҢ деп, көрүнүктүү эле адамдар ырдап жүрөт. Токтогул уйкаштыкты кубалап, логиканы унутуп калгыдай эптемей ырчы эмес эле да. Дүр деген эмне, дил деген эмне? Атка дилди кантип саласың? Ошондуктан Токтогул АТКА БИР САЛГАН ЖҮЛДӨЙСҮҢ деп ырдаган. Жүл – ичкилик кыргыздарында КИЛЕМ деген сөз.

Алымкан ачылган кызыл гүлдөйсүң,

Атка бил салган жүлдөйсүң. Эл көчкөндө атты шөкөттөп, үстүнө жабылган гүлдүү кымбат килемдейсиң деп атат.

Кыскасы текст жазбаган, сөз менен иши жок киши түшүнбөшү мүмкүн, бирок текст менен иштеген ар бир адамда сөз таппай, синоним издеп жүдөгөн учурлары көп эле болот.

Мисалы журналисттер, азыр “аялы” жана “жубайы” деген эки гана сөздү колдонуп жүрүшөт. Аялы деген сөздүн “Кайлыгы”, “Зайыбы”, “Жары” деген да синонимдери бар. А жубайы деген сөз аялга эле эмес эркекке да колдонулат.

Мисалы: “Айгүл жубайы Маратты ээрчип баратты” дегендей. Кыскасы кыргыз тили жагынан жаштардын билими го кургуйга кулап баратат. А ушундай учурда жок дегенде депутаттар билимдүүрөк болсо, жаштарды билимге үндөсө куп жарашмак.

Эсиңиздерге сала кетсек, 13-февралда ЖКнын кезектеги жыйынында депутат Сайдулла Нышанов жети дубандын эли жети сүйлөп жатканын белгилеп, бардыгы бир тилде сүйлөшү керектигин айткан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *