Бийликтин кадр саясатына ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбейсиң

Өткөн жумада Кудайдан кийин эле Атамбаев экенин эл чогулган жерде эскертип турган Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматынан кетти. Эми ордуна ким келет деген маселе коомдо кызуу талкууланып жатат. Ал арада Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев мэр болот экен, жогору жак менен сүйлөшүлүп чечилип калыптыр деген сөздөр айтылууда. Акчанын күчү менен базардан түз эле Ош облусунун башчысы болуп келген Сарыбашев көзгө көрүнөөрлүк иш кылган жок. Жардамчысына күндөн калкаланып зонтик көтөртүп койгону менен гана таанылды. Эми болсо Ош шаарынын эки тизгин, бир чылбырын алайын деген экен. Кызыгы, жогорку билимдүү экенин аныктаган диплому кайда калганын билбеген Сарыбашев шаарды кантип башкарат? Диплому жерге кирсин, Ош облусун гүлдөтүп койсо бир жөн эле… Ыйлаарыңды же күлөөрүңдү билбейсиң. Ушундай мажүрөө кадрлар менен аймактарды кантип өнүктүрмөк элек?..

Булак: “Фабула” 

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Ош шаарына Мелисти алып келиш керек. Мелисти шаар элинин 80-90% колдойт. Ал шаарды гулдото баштады эле АША алып койду откат бербей койсо керек. Эмне учун аны Кыргызстанга келтирбей жатышат? Деги олкобуздун, шаарларыбыздын осушун каалайсынарбы же ушинтип жок болушун каалайсынарбы?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *