Ыйык нерсе сатылбайт

Күз айларынын аягы жыйынтыкталып, кышкы мезгилге өз бийлигин өткөрүп берүүгө аз калган чакта, кыргыз коомчулугу дагы адаттагыдай эле аш-тойлорго, юбилейлик салтанаттарга ашкере басым жасай баштап, эзелтен берки көнүмүш болуп калган жашоо ыргагы уланууда. Бир гана айрымасы, бир кезде совет доорунда “күрдөөлдүү күз”, “берекелүү күз”, “алтын күз” сымал эпитеттер арбын колдонулса, азыркы кырдаалга жараша, негедир, мындай салыштыруулар кандайдыр бир олдоксондук, же бери эле болгондо, логикага сыйбагандык катары туюлат.

Анткени, күрдөөлдүү күз дегендей болуш үчүн – дыйкан, малчы эмгегинен баар таап, түшүмүн жыйып, маңдай тери менен тапкан байлыгынын берекесине кубанып, өз муктаждыгына кенен-чоен жумшагандан артканын эли-журтуна, туугандарына той кылып чачууга жумшамак. Ал эми азыркы учурда – тойду дагы кредит алуу менен өткөрө баштагандар көбөйгөнү жаңылык деле эмес. Башкача айтканда, жакырчылык карапайым элдин басымдуу бөлүгүн кайра ого бетер оор болгон жакырчылык сазына батырууда. Жумушсуздуктун айынан, иштесе жумушка, ичсе ашка тойбой турган курактагы миңдеген уул-кыздарыбыз бөтөн элдердин короо-көчөлөрүн шыпырып, азаптуу эмгек менен тапкандарына айылда калган ата-энелерин, балдарын багышууда…

Кыргызстандагы социалдык-экономикалык кризистин ушунчалык оор деңгээлге жеткени ушул – 4-класстагы окуучу (!) асынып өлгөн факты да эл арасында кайдыгер гана кабыл алынган, демейки кабардай эле өтүп кетти. Он гүлүнөн бир гүлү али ачыла элек баланы ушул абалга жеткирген кандай себептер болду экен деп6 эч ким дүрбөлөң да болгон жок. Бул трагедия мерес боло баштаган коомдо эч кимди ойго салгандай болбоду.

Эрезеге жеткен, же кийинки курактагылар арасындагы суицид маселеси боюнча деле, статистикалык маалымат коркунучтуу чекте экендигине карабастан, аларга коомчулук эбак эле кандайдыр бир деңгээлде түшүнүү менен кабыл алууга өткөн. Бул ыргак менен кете берсек, жакынкы убактарда эле, азыркы туңгуюкка батып, келечек карааны бүдөмүк көрүнгөн жашоодо биротоло чөгүп кетпей, башты бийик көтөрүп жашоонун өзү эле жарандык-атуулдук эрдик катары сезиле башташы да мүмкүн.

Ал эми турмуш кыйынчылыгына моюн бербей – бөтөн эл-жерлерде, алардын менталитетине ыңгайлашып, өзгөчө катаал климатына чыдап, колдон келишинче жанталашып, бутуна туруп алышып, өзүнөн артса – элге жана мекенине жардам кылууга да умтула башташкан мигрант-мекендештерибиздин чыга башташкандыгы аз да болсо кубандырып, көңүлдү жубатууда. Жакында эле Өзгөндө 2 миллион сом жеке каражатына стадион куруп берип, айылдаш балдарына камкордук көргөн Москвадагы кыргыз мигранты чоң иш жасады. Дегеле, өз каражатына мындай кадамдарды жасашкан жигиттерибизди сейрек болсо да, мындай кадамдарын атуулдук баатырдык деп койсок деле аша чапкандык болбос!..

Деген менен, күзгү тойлордун арааны жүрүп турган кезде, юбилейлер парады да күч алып, ошол юбилейлик даталардын шылтоосу менен ар кандай мамлекеттик сыйлык-наамдарды алып калууга далалат кылчулар да көп болору маалым. Баарынан трагикомедиялуусу — тек гана “баланча” жаштык “тоголок” куракка (50, 60, 70, 80, 90 ж.б.) толгону үчүн гана, “бастанча” деген сыйлык-наамды бергиле деп суранып-жалдырагандар четтен чыгат. Такыр эле болбой бара жатса, капчыгын чыгарып, “баасын” соодалашып, жең ичинен сатып алып, анан юбилейлик той маалында эл алдында эч уялбай – ушундай сыйлык наамга өзүнүн өзгөчө эмгеги үчүн татыктуу болгонсуп, мадырайып чыга келишет!..

Чынында, мындай жоруктарга таң калуунун, же сын көз менен кароонун деле кереги жоктой болуп калган чекке деле эбак жеткенбиз. Мындан он жылча илгери “Михаил Ломоносов”, “Петр Первый”, “Александр Невский” сыяктуу наамдагы медаль-ордендерди коммерциялык жол менен ыйгарып (“статусуна” жараша,- 300доллардан 600 долларга чейин!), сатып алышкан медалдарды көкүрөктөрүнө тагып алып көчөгө чыгышып, же эч уялбай эле, массалык маалымат каражаттарына – “мен жакында баланча медаль алдым” дегендер көбөйгөн…

Бизди тынчсыздандырганы – биздеги эң жогорку деп эсептелген, расмий мамлекеттик наам – Кыргыз Эл Баатыры наамынын да улам мезгил өткөн сайын девальвациялана башташы ачык байкалууда. Буга орчундуу бир себеп, баягы эле кыргыздын канына сиңген жердешчилдик оорусу жана да мамлекеттик-административдик деңгээлдеги регионалдык факторлор болууда. Регионализм кадр саясатында, сыйлыктарды жана наамдарды “бөлүштүрүүдө” да негизги критерийлердин бири болуп калууда. Ошонун айынан кээде “баланча региондон жогорку кызматта эч ким жок экен”, же “башка региондорго сыйлык-наамдар көбүрөөк берилип, баланча регионго азыраак берилип калыптыр” деген сыяктуу “жүйөөлүү себептер” менен эле тигил же бул жогорку мамлекеттик сыйлык-наамдар ыйгарылып кеткен учурлар да жетишерлик болууда.

Артка кылчайып карасак, “Кыргыз Эл акыны”, “Кыргыз Эл жазуучусу” сыяктуу наамдарга ээ болуп, же Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты, башка жогорку сыйлыктарды алышып, учурунда коммунисттик-бийликтик идеологиянын камчысын чаап, кошоматчы катары болсо да даңкы таш жарып, бирок, көзү өтөр замат, артынан халтура чыгармалары дароо кошо өлүп, такыр “изсиз” жок болгон “баатырлар”, “атактуулар” көп учурайт. насирдин Байтемиров, Шүкүрбек Бейшеналиев, Саткын Сасыкбаев, Майрамкан Абылкасымова сыяктуу ж.б. “атактуу” халтурщиктердин артында бир чыгармасы калдыбы? Эч нерсеси калбаган соң, өзү өлгөн соң эле, артынан “тарс” эте жарылган үйлөнгөн шардай кылып, ал “өлүү* чыгармаларын жасалма жол менен мактатып-даңктатып, канчалык зарылдыгы бар эле? – деген суроо өзүнөн өзү жаралары шексиз.

Ырас, Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуев Улуу Ата мекендик согушта мекен үчүн кан төгүшүп, андан кийинки тынч заманда чыгармачылыгы менен элдик баатырга айланышканы эч күмөн жаратпайт. Ал эми балалык чагы согушка туш келип, көпчүлүк катарында жокчулук менен чоңойгон Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы” да өзгөчө бийик критерийлер аркылуу караганда, улуттук аң-сезимдин калыптанышында, улуттук биримдикти күчөтүүдө баа жеткис салым кошуп, чынында эле чыгармачылык баатырдык роль ойногондой болгон.

Бул жагынан ал жазуучу-акын катары ортозаар болгону менен да, эгемендик доорунда атуулдук-граждандык позициясы менен алга озуп, ар багытта бир нече фильмдерди тарткан, “Кайран Эл” партиясын түптөгөн Дооронбек Садырбаевдей деңгээлге жетпейт… Тескерисинче, тээ Акаевдик бийликтен бери эле бийликтин жылуу колтугунан чыкпай келе жаткан, “дүжүр” жазуучулардын бири катары пикир калыптанган.

Ким билет, балким, дал ошондуктан уламбы, регион, саясий конъюнктура сымал айрым бир скидкалар менен деле Баатырдык наамды ыйгарса боло берет тура?! – деп чечишкенби, айтор, Кеминдик жердештери баш болгон демилгечилер тобу, акын Майрамкан Абылкасымованы да “Кыргыз Эл Баатыры” наамына сунушташкан. Учурунда “Журт атасын” даңктап, “Журт энесин” жактап, ортозаар бир нерселери менен коммунисттик идеологиянын колтугуна кирип алып, ортозаар деп атаганга да жетип-жетпеген чыгармачылык дарамети менен, “атактуу” акын болгон адамга азыркы кезде да “Баатырдык” керек болуп калганы таң калтырбайт. Таң калтырганы, “Деги мен кандай эмгектерди жасай алдым? Эң бийик, объективдүү критерийлер менен алып караганда, артымда калчу бир нерсе жарата алдымбы?” – деп сурабай туруп, же учурдагы коомдук-саясий турмушта кандайдыр бир атуулдук-жарандык позициясы менен көрүнүүнүн ордуна, сыйлык-наам дешсе жутунгандар көп болууда.

Мындай аты менен заты эч төп келишпеген, бери эле болгондо аргасыз жылмаюуну пайда кылган сунуш кечээ жакында мурда коммунисттик доордо Кыргызстанды 24 жыл бою башкарган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык юбилейин белгилөө учурунда да орун алды.

Бишкек шаарына Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды! Учурунда эгемендиктин алгачкы жылдарында борборубузга “Манас” деген атты ыйгаруу сунушталган. “Манас” аэропортунан түшүп,“Манас” шаарына келишет дешкен. Чынында, мында кандайдыр бир логика, масштабдык төп келишүү бардай туюлат. Эми улуу бабабыз “Манаска” ыраа көрбөгөн борбордун Бишкек аты өчүп,  “Усубалиев шаары” болуп калганына кийинки урпактарыбыз кандай карап, кандай баалашмак?!

Турдакун Усубалиев Кочкордон депутаттык мандат үчүн небересиндей болгон Акылбек Жапаровго атаандаш боло коёмун деп, чалкасынан кеткендиги али да элдин эсинен чыга элек. Демек, өз урук-туугандары отурукташкан Теңдик айылы (!?) деп аталып калганы чыныгы реалдуулукка кыйла жакын турат. Эмне демекчибиз, турмуштун катаал реалдуулугу ушул.

Сыйлык-наам, тигил же бул шаарга, же көчөлөргө кайсыл бир коомдук-саясий ишмердин ысымын ыйгаруу сыяктуу маселелерде талаштуу учурлар орун алганы да ошондуктан. Мына, кечээ жакында мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымынын Сузактагы айылдардын көчөлөрүнүн бирине коюлушу кыйла резонанс жаратты. Акыры айылдык кеңештин депутаттарынын чечими жокко чыгарылды. Мурунку ички иштер миниари Молдомуса Конгантиевдин ысымынын Бишкектин четиндеги “Милицейский городок” аталган шаарчадагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылышы да локалдык масштабдагы коомдук-саясий ызы-чууга айланды. Мында да Көк-Жар айылдык кеңешинин токтому чыккандыгы маалым болду!..

Парадокс, “Кой-Таштагы” Алмазбек Атамбаевдин “чебин” “багындырууда” оор жаракат алган милиция жетекчиси Самат Курманкуловго “Эрдик” медалы тапшырылды. Бул эч суроо жаратпайт жана да ал андан да ашкан сыйлык-наамга татыктуу экендиги шексиз. Арийне, эгерде 2010-жылдын 6-апрелиндеги Таластагы тополоң өз учурунда басылса – министр Молдомуса Конгантиев да дал ошондой эле сыйлыкка татыктуу болмогу да эч күмөн туудурбайт.

…Тээ 90-жылдардын башында, падышалык Россия доорунан бери өңчөй орусча аталышта болуп келген айыл аттарын улуттук аң-сезимдин өсүшү менен бирге өзгөртүп, кыргызча аталыштарга которуу жараяны жүрүп турган кез. Бишкектен анча алыс эмес Гавриловка айылына конокко барып калдым. Ошол кезде жалпы элдей эле коммерция менен алектенип, иши жакшы жүрө баштаган бир жолдошум: “Айыл өкмөтүнө беш миң сом пара берип, “Байышовка” деп айылыбыздын атын мен дагы өз атыма коюп, өзгөртсөмбү деп ойлоп жатамын!” – деп күлдүргөн эле. Азыр минтип кимдир бирөө тамашалап көрсүнчү. Бул чын эле ниеттен айтылып жаткан идея катары туюлары анык…

Эң жогорку мамлекеттик сыйлыктар, наамдар биротоло баркы кете электе, аларды ыйгаруудагы соодагерчилик, кош стандарттуулук сыяктуу “критерийлерди” да, кеч болуп кала элегинде тыюу зарыл!

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *