Ыңгайсыз суроолор: Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге: Колу-бутуңузду байлап жатканда неге “маарап” койгонго жараган жоксуз?

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлукту талкуулаган Жогорку Кеңештеги жыйында Кожобек Рыспаев тиешелуү комитеттин жетекчиси катары комитеттен «хоп» деген чечим чыгарып берген. Эми болсо, «кар жаады, из басылды» логикасы менен жоопкерчиликтен кутулуу максатында кылтыңдап: «ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди комитетке алып келип, эс алууда жүргөнүбүзгө карабай колу-бутубузду кайрып туруп кол койдурган. Кол коюп берүүгө аргасыз болгонбуз…» деп күпүлдөдү. Актануу болбосоң кое кал! Мандат алган элдин өкүлү колу-бутун кайрымак турсун, башын кесип алса да мамлекетке каршы келген келишимге кол койбошу керек эле го. Анткени, депутаттар өлкөгө кыпындай дагы кыянат кылбаш үчүн эл алдында ант берген. «Колу-бутумду кайрыды» дегени жөн гана шылтоо, актануу. Себеби, мыйзамда колу-бутун кайрыса колдоп бериш керек деген түшүнүк жок. Мындай «арам» келишимди алчусун алып, алаканын кызыткандар гана колдоп берери сокур кишиге да маалым. Эгер андай болбосо, эмне үчүн Кожокең «колу-бутун кайрып жатканда» агынан жарылып айкырып чыгып, эл алдында ашкерелеген эмес? Артистиктин да чеги болот. Өзүнө собол салып көрөлү балким жооп берет чыгаар:

—Кожобек Жайчыбекович, ЖЭБди жаңылоо боюнча сиздин моралдык жоопкерчилигиңиз бар экендигин сезесизби? Эс алууда жургөнгө карабай шашылыш комитеттен өткөрүп бергениңиз үчүн өкүнөсүзбү? «Колу-бутубузду кайрып туруп кол койдурган» дегениңизди биз түшүнө албай турабыз. Байласа байланып олтура бергендей сиз мал эмессиз да. Айтмакчы, ошол колу-бутуңузду байлап жатканда неге «маарап» койгонго жараган эмессиз?

Керим Мурас

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *