Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ырчы, актриса Гүлнур Асанова коронавирус менен күрөшүү үчүн 100 миң сом бөлдү
КООМ

Ырчы, актриса Гүлнур Асанова коронавирус менен күрөшүү үчүн 100 миң сом бөлдү

Ырчы, актриса Гүлнур Асанова коронавирус менен күрөшүү үчүн 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.

“Урматтуу калайык калк, Кыргыз элим! Учурдагы абал курчуп, илдет уламдан-улам жайылып бара жатат. Бул илдет жаш-карысын карабайт тура. Жакындарынан айрылган элиме кайрат айтам. Кыргыз элим Үркүндө да мындай кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, ынтымак менен уругубуз уланып, кыргыз деген улут жоголуп кетпеди. Биргеликте, ынтымакта буйруса бул илдетти жеңебиз. Мындай апаат менен жалгыз эле биз эмес, бүткүл дүйнө күрөшүп жатат.

Кыргыздын кызы катары мен дагы өз салымымды кошууну туура көрдүм. Мындай учурда четте карап туруу мүмкүн эмес. Ушул апаат башталганда муктаждарга чын ыхласым менен кол сунуп келдим, дагы да жардам берүүнү чечтим. Өзүмдүн атыман 100.000 сом «Мээримдүү энелер» кайрымдуулук жамаатына котордум. Бул кайрымдуулук жамааттын 3 жылдан берки жакшы иштерди кылып келе жатканын көрүп, ыраазы болчумун. Мына ушул жамаат буйруса видео отчет кылып берет. Менин элиме кылган жардамым ушул, колумдан келгени. Ооругандарга Аллахым шыпаа берсин. Баардыгыңыздарга ден соолук каалайм”, – деди Асанова.

Түркмөнстан илимди каржылоону токтотот

Гонконгдо нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду

КСДП фракциясы «Пирамида» телеканалын менчикке сатылуучу мүлк тизмесинен чыгаруу демилгесин колдоду