Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан кийин эс тутуму кескин начарлап кеткенин айтты
Баардык жаңылыктар

Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгынан кийин эс тутуму кескин начарлап кеткенин айтты

Кырсыктан кийин ырчы Асель Кадырбекова Instagram баракчасына көпкө чейин пост жарыялаган эмес. Бир нече күн мурун ал атасынын сүрөтүн бөлүшсө, эки күн мурун бир туугандарынын сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттөмөсүндө ырчы туугандарынын сүрөттөрүн эмне үчүн бөлүшкөнүн айтып берди.

“Эмне үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын жүктөй турганымды түшүндүргүм келет. Менин эс тутумум жок болуп кетти. Жана жакында гана кайтып келе баштады. Бирок кээ бир нерселерди, анын ичинде адамдарды эстей албайм. Дарыгерлер калыбына келиш үчүн убакыт талап кылаарын айтышты. Менин турмушка чыкканым дагы эсимде жок. Инстаграм, айрыкча сүрөттөр эс тутумду жаңыртат. Унутпаш үчүн жакындарымды, досторумду тез-тез жүктөп турууну чечтим. Булар менин бир туугандарым. Аларды жакшы көрөм! Аларга менин мүнөзүмдү көрсөтө алам. Алар гана чыдап, токтоосуз кечире алышат. Өмүрүңөр узуун, бактылуу жигит булгула” – деди ырчы айым.

Эскерте кетсек, 26-июнда болжол менен саат 15:30да Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Одиссей” жана “Тойота Камри” үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алган. Жабыркагандардын арасында ырчы Асел Кадырбекова да болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.

https://www.instagram.com/p/CFUBnLglULF/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Юристтер шайлоону эмнеге жылдырууга болбой тургандыгын түшүндүрүштү

Эшимканов урматтаган Туйгун байке сыйга татыктуу

Эски бийликтин кадр саясатынын адашкан “жемишинен”