Ырчы Бек Борбиев кайрымдуулук жасап жаткан адамдарга карата айтылган сындарга жооп берди

Ырчы Бек Борбиев оор кырдаалда кайрымдуулук кылып жаткан адамдарга карата сын айтып жаткандарга жооп кылып  фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пост жазган.

“Бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес! Ачуу чындык, дүйнөнүн жазылбаган мыйзамы ушундай. Керек болсо мамлекет дагы белгилүү маселелерде гана жардам көрсөтө алат, менеджер катары, баарыбызга акчасы да жетпейт.

Бул илдет күчтүү өлкөлөрдүн дагы айласын кетирип турат, биздин эле эмес. Ушул убакта элге өз чөнтөгүнөн акча чыгаргандарга алкоо сөз айтып, рахмат деп тургандын ордуна, бул уурдаган акчасын кайра бизге берди, а эмнеге тигил бай бербейт, берсин деп чанжыраганыбыз туура эмес. Адам жараткандын жана энесинин алдында гана милдеттүү, эгер ал башка дагы бирөөгө жардам берип жатса, демек ал анын ыйманынан, чын жүрөгүнөн деп билелик.

Бүт дүйнө элинин башына түшкөнүн биз да көрөбүз, башка арга жок, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!” – деп жазган ырчы.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *