Ырчы Бурул Арунова: “Күйөөм тараптан зордук-зомбулукка кабылып жатам, күч органдар бул ишти карабай жатышат”

Ырчы Бурул Арунова күйөөсү менен ажырашуу арызын жазган. Ал эми жолдошу арызын кайра кайтарып алуусун талап кылууда. Бул тууралуу Арунова өзүнүн Инстаграм социалдык тармагына жолдошунан келген смс каттарды жүктөп, билдирүү калтырган.

Жолдошунан келген каттарда этикага туура келбеген сөгүнүү сөздөрү жазылган.

“Турсун уулу Эрнис 1990-жылы туулган. Кочкор районунун Чолпон айылынын сыймыгы. Жарым жылдан бери мага тынчтык бербей, актердук чеберчилигин көрсөтүп келет. Азыркы учурда ден-соолугум жабыркап турган убагым, күч органдары бул ишти карабай жатышат. Мага бул адамдын жашоосу баары бир, каалагандай жашасын, бактылуу болсун чын жүрөгүмөн каалайм. Бирок ар кайсы номерден чалып, жазып, сөгүп, сүрөттөрүн жөнөтүп, үйгө келип ызы-чуу кылып тынчыбызды алып жатат”, – деди ырчы айым.

Ошондой эле Арунова бул тууралуу бардык видео, фактылар бар экенин белгилеп өттү.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *