Ырчы Бурул Арунованы жолдошу “Боюңан алдыр! Болбосо ичке тээп, мен түшүрөм”, деп коркутууда

Ырчы Бурул Арунованы жолдошу “Боюңан алдыр! Болбосо ичке тээп, мен түшүрөм”- деп коркутууда. Бул тууралуу ырчы айым кечээ, 17-июнда социалдык тармагына жүктөгөн.

“Бул жеткен эки жүздүү адам. Ушул өзүнүн номери менен жазып жүргөн, интервьюда меники эмес, акыркы эле смс меники деп калп айткан клоун. Анан дагы “Мен боюнан алдыр деп айткан эмесмин” – деген сөздөрү смс катта жазылууда. Азыркы учурда номерин бирөөгө берип, суудан кургак чыгайын деп убара”, – деп жазган ырчы айым.

Эскерте кетсек, Бурул Арунова күйөөсү менен ажырашуу арызын жазган. Ал эми жолдошу арызын кайра кайтарып алуусун талап кылууда. Ошондой эле, жолдошу тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын билдирген. Ал эми, күч органдары бул ишти карабай жатышат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *