Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң доллары менен алтын буюмдарын карактап кеткен адам кармалды

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык милициясы мындан төрт ай мурун Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын 60 миң доллары менен алтын буюмдарын карактап кеткен адам кармалганын билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл 6-майда түнкү саат 01:45 чамасында Бишкек шаарынын Гвардейская көчөсүндө жашаган ырчы Мирбек Атабековдун А.Д. аттуу апасынын үйүнө беткапчан жана тапанчалар менен киришкен белгисиз адамдар күч колдонуп, коркутуп жабырлануучуга тиешелүү 60 миң доллар, 15 миң сом акчасын жана алтын зергер буюмдарын карактап кетишкен.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери 4 айлык иликтөөдөн кийин бул кылмышка шектүү Ысык-Көлдүн тургуну, 1995-жылы туулган Б.М. атту жаранды Каракол шаарынан кармап Бишкекке алып келишкен.

Шектүү Б.М.ди кармоо учурунда анын машинасынан ал кылмышка тиешелүү далилдер да табылган.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалып, иликтөө иштери башталды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *