Ырчы Самара Каримова Орусия Мамдуманын депутаты Иван Белековдун колунан сыйлык алды

КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Самара Каримова Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Иван Белековдун колунан сыйлык алды. Бул тууралуу өзү бүгүн, 25-январда билдирди.
Анын айтымында, ал Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасын алган. Аны 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович расмий түрдө тапшырган.

Мындай жакшы кабарды күттүңүз беле жана сизге ким кабарлады?”,-десек, ал жакшы кабар күтүүсүз болгонун, ал башка мамлекетте эс алып жатканда укканын айтты. Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен Москвага бардык. Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, “маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн”,- деп алкыш айтты. Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу – бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат-сый. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Орусиянын депутаттарына ыраазычылык“,-дейт С.Каримова.

“Толкундануу болдубу?”,-десек, ал аябай толкунданганын жана бул сыйлык ага чоң күч-кубат бергенин, жыл башы жакшы башталганын, дагы көптөгөн нерселерди багындырарын баса белгилеп, “ушул жыл мамлекетке, элге жемиштүү жыл болуп, ийгилик алып келсин, эң башкы байлык – ден соолук болсун”,- дейт ырчы кубанычы койнуна батпай. Сыйлык Самара Каримованыкы, сыймык кыргыз элиники. Сыйлыгыңыз кут болсун, Самара айым!

Эске сала кетсек, былтыр, ырчы Өзбекстан мамлекетинин Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген. Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында да чоң программадагы концерт тартуулап, 7 тилде ырдап, акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартуулаган. Ошондой эла ал италиялык ырчы Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *