Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ырчы Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды
КООМ

Ырчы Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды

Бүгүн, 14-декабрда ырчы, актриса, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова “YouTube” каналынын “Күмүш баскычын” алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Инстаграм” баракчасына жазып чыкты.

“Менин чыгармачылыгымдагы дагы бир жетишкендик. Ырчылардын арасынан биринчилерден болуп “Күмүш баскычты” алып жатам. Менин күйөрмандарыма жана колдоочуларыма рахмат”, – деп жазган ал.

Мындан тышкары ал, азырынча “Күмүш баскычтын” сүрөтү гана жиберилгендигин, ал эми өзү жакынкы арада тапшырыларын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, Самара Каримова “Инстаграм” социалдык тармагындагы миллион жазылуучусу бар биринчи кыргызстандык болгон. Мындан тышкары, ырчы 24-октябрда Ош мамлекеттик музыкалык мектептин директору болуп дайындалып, 1-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бул тууралуу чечимди жокко чыгарган. Мындан мурда ал “Сулайман-Тоо” музейине директор болуп дайындалып, социалдык тармактардагы сын-пикирлердин натыйжасында өз каалоосу менен кызматтан баш тарткан.

Мадамин Каратаев: “Таажывирус менен ооруган адам каза болгондон кийин, ошол эле күнү патологоанатомиялык союу жүргүзүлөт”

Бишкекте шайлоочуларды сатып алууга каршы туруу боюнча “Өз добушуңду сатпа!” аттуу тренинг өтүп жатат

Фото – Ошто “Кайран эл…” жарнагын шамал оодарып салды