Ырдын пири Рыспай

Рыспайдын токмоктук шакирти Эсеналынын чакыруусу менен Воронцовкада жайгашкан “Ала-Тоо” санаторийин көздөй сапар алдым, “Мерседесимди” минип алып. Мени бир чети калемгер – бир чети “Издейм сени” сыяктуу ырларды баткак жолдо баратса да жата калып тыңшаган угарман  катары чакырган себеби, залкар обончу тууралуу Мелис Арыпбек китеп жазган экен, ошого  байланыштуу адабий-музыкалуу кече өткөзгөнү жатыптыр.

Эсеналы агайын эскерип жашыды

Санаторийдин жыйын, салтанат өтүүчү жайы. Элдер агылып келүүдө. Кире бергенден кийин оң тарапка стол коюлуп, анын үстүнө “Рыспай” деген китептин бир нече нускасы турат. Аңгыча, көрүүчүлөр күткөн салтанат да башталды, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда. Рыспайчылар сахнага биринин соңунан бири чыгып, ырдап атышты. Ал эми Эсеналы Кенжебаев Рыспайдан белекке алган “Велтмейстер-амиго” моделиндеги кызыл түстүү аккордеонун көтөрө келиптир. Сахнага чыкканда негизги тема боюнча агайын эскерип, анан устатынын ырларынан аткарып берди. Ырдаганда да Рыспайчасынан башын нары-бери чулгап, уча турган бүркүтчөсүнөн талпынып, берилип ырдады, муңканып ырдады.

Көшөгөнүн артына өткөндөн кийин Эсеналы толкунданганын бизден жашыра алган жок:

– Агайымды эскерип жаткан учурумда көздөрүмдөн жаш чыгып кетти. Өзүмдү карманайын десем да болбой… билбейм, акыркы учурларда ушунчалык жашык болуп калдым.

Бир караганда, Эсеналынын өң-түсү да Рыспайга окшошуп кетет. Ал эми аккордеон ойноо манерасычы? Карабай туруп тыңшасаң, аккордеонду Рыспай ойногон экен деп ойлоп кетесиң. Ушунчалык чебер ойнойт. Оригиналдан чыкпаганга аракеттенет. Башкаларга окшоп  варияцияларынын эң татаал жерлерин аттатып өтүп кетүүдөн, же ашыкча көркөмдөйм деп жатып бузуп жиберүүдөн алыс. Андан калса, айрым чыгармачыл адамдар Рыспайдын көзү өткөндөн кийин гана шакирти, досу болуп чыга келишсе, Эсеналы залкар обонунун үйүндө баласындай болуп  жашап жүрүп таалимин алгандыгы кашкайган чындык. Демек, мындан өткөн бакыт барбы?! Ушундай таалайлуу жигитке анан кантип суктанбай коё аласың?! Кантип!!! Андан кийин “Баланча ырдады, Түкүнчө сүйлөдү” деп макаламдын көлөмүн арттырыш үчүн айрым кабарчыларга  тийешелүү “дежурный” сөздөрдү “чубуртпай” эле койоюн. Абдыкадыровдун шакирти гана эмес уулдары да болуп калган Маматибраим Бостонкулов, Эркин Каимов, Абидин Темиров катышкан  кечени көрүүчүлөр абдан жылуу кабыл алышты.

Аккордеондун баасы

Баса, ушул жерден бир аз чегинүү жасап, бир кызыктуу жагдайга токтоло кетейин. Жакында кытай жергесинен келген кыргыз улутундагы бир музыкант жигиттин:

– Рыспайдын аккордеонун мага сат. Экөөбүз машина базарга түшөлү. Каалаган  машинаңды көрсөт. Сатып берем,- дегенде, Эсеналы көнбөй коюптур. Бул устатынын өзүн гана эмес, эстеликке  калтырып кеткен асыл буюмун да Эсеналынын сыйлагандыгы, аздектегендиги, эч бир байлыкка алмашпастыгын айгинелейт. Эгер анын ордунда башка адам болгондо, эчак эле “пулдап” жибермек.
Андайлар болгон эмес дейсиңерби? Болгон. Аккордеонун сатпаса да атын сатып, анын эсебинен  байлык жасап жүргөндөр бар.

Рыспайдын чыныгы аты ким эле?

Кечеден кийин катышуучуларга боз үйдүн ичине тамак даярдалган экен. Дасторкон четинде Мелис Арыпбек, Эрнест Абдыжапаров, Гүлсайра Момунова сыяктуу адабияттын, кинонун дөө-шаалары  Рыспай тууралуу кызыктуу баян куруп беришти.

– Рыспайга азан чакырылып коюлган аты “Ырыспай” болгон экен,- деди Мелис байке, кызыктуу аңгемесин баштап. –Бирок, ал убактагы селсоветтин катчыларынын көпчүлүгү башка улуттагы адмдар болгондуктан “туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн” толтуруп жаткан учурда наристенин  ысымын кулагы кандай укса, ошол боюнча жазып койо берчү да. “Рыспай” болуп жазылып  калганы да ошондон. Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, “Р” тыбышынан башталган бир да сөзү болгон эмес кыргыздын. Кожогелди Кулиев жазгандай, Ырыспайдын ысымы “ыр” деген сөз менен  башталып атса, фамилиясы “Абдыкадырдын” аягында да ыр болуп атпайбы. Кайран залкар бул ааламга ырдоо үчүн гана келгендей.

“Мен өмүрдө далай жолу ыйладым…”

Залкардын турмуш жолу аябай татаал болуптур. Бала кезиндеги жокчулук, өмүр бою жанын кыйнаган оору менен кармашып жүрүшү, андан калса, сүйүүнүн да азабын көп тарткандыгы… Ал эми эмгегин айрым бийлик ээлери пайдаланып, бирок, баалабай келишкендигин айтпай эле койоюн.

Ооба, Рыспай аябай жашык болгон дешет. Көчөдө бирөөлөр менен бир кызыктуу темада сүйлөшүп  бара жаткан учурунда да күтүүсүздөн ыйлап жибергеничи.

Жанындагылар чочуп кетип:

– Рыспай аке, сизге эмне болду?- деп сурашса,

– Жолтоо болбой тургулачы. Ыйлап бүтүп алайынчы,- дечү экен. Анан “ыйлап” бүткөндөн кийин эч нерсе болбогондой, таалайы текши адамдай күлүп жайнап кетишине таң калып эскеришет  замандаштары. Албетте, муну бүгүнкү эскерүүдөн эмес, мурда эле уккан болчумун. Рыспай  төмөндөгү ыр саптарына чыгарган обонун жөн жеринен муңканып ырдабаса керек: “Мен өмүрдө далай жолу ыйладым, Мээрим издеп өзүмдү-өзүм кыйнадым…”

Рыспай олуя болгонбу?

Рыспайдын обончулук өнөрүнөн сырткары куудулдугу, сүрөтчүлүгү республикадагы чоң куудулдардан, чоң сүрөтчүлөрдөн кем калышпаганын билем. Ал эми олуялык жайы да болгонун боз үйдөгү олтуруштан угуп алып таң калдым. Алдын ала айткандары дал келчү эле дешти.  Назарына калган (нааразы кылган) адам оңчу эмес эле дейт. Бир жолу айылында жөө басып бара жаткан Рыспай бирөөсүнөн “атыңды берип турчу” деп сураса, ал унаасын аяп бербей койот. Арадан санаалалуу убакыт өткөндөн кийин эле тиги киши зоодон учуп өлгөн атынын мойнунан кучактап,  “ка-ап, Рыспайдан бекер аяпмын” деп кайгырып олтуруп калыптыр.

Байлыкка кызыкчуу беле?

“Жок” деп дароо эле кесе айтканыбыз абзел. Акчага таптакыр кызыкпаганын көп  эле  замандаштары  айтышат.  Бир жолу Давлет жеңе менен кер-мур айтыша кеткен учурунда “мага акчанын кереги жок” деп бир жылдан берки топтолгон акчаны балкондон шамалга сапыра сыртка чачып жибергенин Эсенаалы Кенжебаев айтып калат. Ал эми союз мезгилинде “гонарар” деген болоор эле. Рыспайдын акчага кызыкпаганын билип, кыргыз радиосундагы гонорарларын айрым  эки буттуу “мителер” эле жеп жүрүшүптүр. Ажырашып кеткен мурунку аялдарынын бири да өзүм билемдик менен гонарар жазылган кагазга далай жолу кол койгон экен.

Сынган комуз

1994-жылдын 12-сентябрында Рыспай Абдыкадыров кыргыз элин кайгыга салып, өзү айткандай 300дөн ашуун ырын жетим калтырып, бу дүйнөдөн кете берди. Ошол күнү акыркы сүйүүсүн  арнаган Болдукан аттуу кыздын комузунан негедир өзүнөн-өзү жарака кетип, кылы үзүлүп  калыптыр.

Рыспайдын көзү өткөндөн санаалуу айлар өткөн учурда Жаныбек Жанызактын “Соңку дүрмөт” аттуу тиркеме-гезити чыгып, коомдо ар кандай оң-терс пикирлерди жараткан. Анда залкар обончунун соңку махабатына арзыган Болдукан аттуу кыздын айтымы боюнча баяндалат. Жакем болсо, “Анан эмне болду?.. Залкардын азырынча сага колу тийди, башка жагы тийе элек” деп улам-улам шыкактап, төшөк жагы боюнча суроолорду үстөккө-босток бергенин, бирок, абийир тепселген көрүнүш болбогондугун, кыз намыс сактаганын, залкар дагы чектен ашпаганын окуганбыз. Боз үйдөгү олтурушта Рыспай үч аял алганы менен баары тең начар болгондугу тууралуу айтылган  сөздөр мени ачакей пикирде калтырды. Себеби, уул төрөп бере албаса да татынакай кыздарды  төрөп берген жубайлары тууралуу жакшы кептерди угуп жүргөн элем. Раматылык Бөкөнбай Боркеевдин бир жолку эскерүүсүндө: эгер Давлет мээримдүү аял катары күйөөсүнө эң жакшы мамиле кылып келбегенде, оорукчан Рыспайдын эчак эле сөөгү сөпөт болоору, аны ушул жубайы гана жаш баладай бөпөлөп жүрүп өмүрүн узартып келгендиги айтылат.

Кыскасы, залкар обончу тууралуу билгенибизден биле элегибиз көп экен. Рыспай менен ээрчишип басып, же жакшы тааныш болуп жүргөн адамдар али да көп. Мен аларды талкууга  чакырмакчымын. Рыспай Абдыкадыров кандай киши эле? Эгер билсеңиз, бул тууралуу сиз да  макала жазыңыз. Жазганга анчейин шыгыңыз болбосо, же жазуудан чарчасаңыз, эринсеңиз, ооз эки айтып берсеңиз деле болот. Менин чөнтөк телефонум: 0773 58 58 95. 0704 58 58 65.

Орозбек БӨРҮГУЛОВ, жазуучу

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *