Ыргал Кадыралиева 50 миң сом доого жыгылды

Бишкектин Ленин райондук соту экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн жазылган Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин арызы боюнча чечим чыгарды. Өкүмгө ылайык, Кадыралиева Сагындык Келдибаевге моралдык компенсация катары 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эске салсак, доо арызды Келдибаев өткөн жылдын июнь айында жазган. Буга Ыргал Кадыралиеванын маалымат жыйынында депутатты Россиянын жараны деген билдирүүсү себеп болгон.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *