Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » «Ысык-Көл» мейманканасынын жанындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары Бишкектин Эски аянтына жөнөштү
САЯСАТ

“Ысык-Көл” мейманканасынын жанындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары Бишкектин Эски аянтына жөнөштү

Бүгүн, 15-октябрда “Ысык-Көл” мейманканасынын жанындагы нааразычылык акциясынын катышуучулары жайгашкан жерди өзгөртүүнү чечишти.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкек шаарынын Өкмөт үйүнүн жанындагы Эски аянтка унаа менен барышат. Алар премьер-министрди ошол жерде күтүшөт.

Жапаровдун тарапташтарынын митинги “Ысык-Көл” мейманканасынын жанында өттү. 1200гө жакын адам чогулду. Эми алар Жогорку Кеңештин таркатылышын жана спикер Канат Исаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Алар талаптар аткарылмайынча таркабайбыз деп жатышат.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Парламент төрагасы Канат Исаев автоматтык түрдө мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калат.

Видео – Польшада мурдагы президент Лех Валенсага кылмыш иши козголду

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Фарид Ниязовду жумуштан кетиргенге эмес, сотко бергенге дагы негиз бар”

Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары Чолпон-Атада жолугушту