Ысык-Көлдө таажывируска чалдыккан 2 адам менен таксиде чоогу кеткен 2 жаран да табылып, ооруканага жеткирилди

Ысык-Көл районунда Индияда таажывируска чалдыккан 2 адам менен таксиде чоогу кеткен 2 жаран да табылып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ыссык-Көл районунун акими Данир Иманалиев журналисттерге билдирди.

Акимдин айтымында, алар Балыкчыдан -Чолпон-Атага чейин таажывирус илдети табылган Түптүн 2 тургуну менен чоогу таксиде кетишкен.

Алар табылары менен Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада жаткырылды. Алардын үй-бүлөлөрү дагы обсервацияга алынып, текшерүүдөн өтүшүүдө.

Алардын анализдери Бишкекке жөнөтүлгөн.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *