Ысык-Көл облусунун “губернатору” Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун “губернатору” болуп дайындалды

КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев региондор аралык кадрдык ротация алкагында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралу Турмуш басылмасы билдирет.

Эртең, 25-июлда Узарбек Жылкыбаев Ош облусунун жаңы башчысы катары өкүлчүлүктүн коллективине тааныштырылат.

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Таласка болгон сапарында кадрларды региондор аралык ротация кылууга убакыт жетти деп билдирген болчу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *