Ысык-Көл районунун мектептеринин жана бала бакчалардын директорлору митингге чыгышты

Бүгүн, 2-ноябрда, Ысык-Көл районунун билим берүү кызматкерлери Ысык-Көл районунун билим берүү башкармалыгынын башчысы Дамира Абировага каршы митингге чыгышты.

Митингге мектептердин, бала бакчалардын директорлору, мугалимдер катышты. Алардын айтымында, Абирова бул кызматта көп жылдар бою иштеп, коррупциялык схемаларга аралашкан. Айрым мугалимдердин аны менен болгон конфликти көптөн бери созулуп келе жатат.

Эки жыл мурун, ал айрым директорлорду жумуштан мыйзамсыз бошоткон деп айыпталган. Чуулгандуу окуядан кийин ал кызматтан кеткен, бирок ушул жылдын 20-октябрында Билим берүү министрлигинин чечими менен ал кайрадан жумушуна киришкен.

Митингчилер аны кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *