Ысык-Көлдө кызганычтын айынан эркек киши аялын муунтуп өлтүрдү

9-январда Ысык-Көл облусунда кызганычтын айынан эркек киши аялын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Долон айылында эркек киши аялын муунтуп өлтүргөндүгү тууралуу телефон аркылуу кабар келип түшкөн.

38 жаштагы жергиликтүү тургундун айтымында, 9-январь күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында ага 45 жаштагы агасы А.А., телефон чалып, кызганычтын айынан 40 жаштагы аялы А.Г.ны муунтуп өлтүргөндүгүн  айткан. Ал агасынын үйүнө келип, уктоочу бөлмөдө жеңесинин жансыз денесин, ал эми башка бөлмөдө ар кандай дары-дармектерди ичип, өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан агасын көргөн.

Факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, өткөн жылдын ноябрь айында уруш кетип, өзүнчө жашап жүрүшкөнү аныкталды. 6-январь күнү аял күйөөсү менен элдешип, кайрадан күйөөсү менен жашап калган. 9-январда кызганычтын айынан уруш болуп, шектүү аялын муунтуп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган. Азыр ал райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *