Ысык-Көлдө жолбун иттер атылууда…

Ысык-Көлдөгү Түптө 203 жолбун ит атылды. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү кабарчыга билдирген. Анын айтымында, жолбун иттерди атып, жайга көмүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүнгөн. Мергенчилер 203 ит атып, жерге көмүшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин Жалал-Абаддагы жолбун иттер атылып, ит атарлар күн сайын 15ге жакын жолбун иттерди жок кылып жатканы айтылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *