Ысык-Көлдөн 30 жаштагы адамдын сөөгү чыгарылды

Ысык-Көл районунда кечээ, 9-августу күнү саат 21:00 чамасында 1987-жылы туулган эркек киши көлгө түшүп жатып, чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине Чолпон-Ата шаарындагы КР ӨКМнин Суучулдар борборунун куткаруучулары тартылып, саат 21:50дө чөгүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгышып, туугандарына тапшырып беришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *