Ысык-Көлдү айланта пневнометро куруу идеясы жаралды

Инвесторлордун планы боюнча жер үстүндөгү метрополитен Ысык-Көлдү айланып, Алматы менен Бишкекти кошуп турууга тийиш. Бул тууралуу 7-ноябрда Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлүнүн орун басары Нурбүбү Кененбаева айтты.

Бул долбоорду жүзөгө ашырууну орусиялык инвесторлор кызыгдар экен, алар буга 50 млн доллар салганга даяр. Мындай линия менен жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да ташыса болот.

Жергиликтүү бийлик бул долбоорго абдан кызыгып калышкан. Көлдөгү өкмөт өкүлү Каныбек Осмонолиев инвесторлорго кат жазып, алар менен жолугууга даяр экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, пневнометро – жаңы идея эмес. Анын алгачкы бутактары Лондондо, Нью-Йоркто 19-кылымда эле вакуумдагы поюз түрүндө курулган. Бирок кийин жабылып калган. Азыр дүйнөдө мындай жүзөгө ашкан долбоор жок. Бул технологиялар менен Кытай иштеп жатат, 2020-жылы жер үстүндөгү тоннелде төмөнкү басым менен рельстүү поюз жүргүзүүнү көздөшүүдө. Мындай ойду миллиардер Илон Маск да айтып жүрөт. Эми бул долбоор ири саресепке салына турган иш экени түшүнүктүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *