Ысык-Көлдү сүзүп өтөм деген Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев дайынсыз жоголду

Бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдү бир тарабынан экинчи тарабына сүзүп өтүү үчүн Бишкектен келген Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиев саат 08:00 дө Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй 25 чакырымга сүзүп жөнөгөн. Аны моторлуу желим кайык коштоп чыккан. Көлдү ортолоп калган кезде катуу толкун болуп, коштоочулар Эркин Асрандиевди жоготуп алышкан. Ошондон бери тынбай издөө улантылууда. Бул маалыматты КР ӨКМинин басма сөз кызматы да тастыктады:

“Фейсбук баракчасында Ыссык-Көлдө киши чөгүп, ӨКМ тарабынан куткаруучулар тартылбай, министр менен байланышууга мүмкүн болбой жатат деген маалымат тараган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Н.Мирзахмедовко маалымат келип түшөөрү менен тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, куткаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алган. Алдын ала маалымат боюнча, 1976-ж.т. А.Э. атту эркек адам Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп өтүү үчүн сүзүп баратып, дайынсыз болгон. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу, Тоң райондук №38 ӨКБдан 5 куткаруучу жана Суучулдар кызматынан 2 суучул жалпы 10 куткаруучу тартылгандыгын билдиребиз.”

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *