Ысык-Көлгө 19 жашар бала чөгүп кетти

Ысык-Көл районунун Баетов айылында 2017-жылдын 12-август күнү “Вавилон” эс алуу жайында 1998-жылы туулган Т.Ш.Э аттуу Нарын облусунун, Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну көлгө чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 13-август күнү суучулдар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, саат 09:05те жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *