«ЮрАзия Кыргызстан»: Уран казууда коопсуз технологияны тандаганбыз

«ЮрАзия Кыргызстан» компаниясы Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинин айланасындагы маселелерге байланыштуу түшүндүрмө берип, Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү.

Компания өкүлү Андрей Акимов “долбоор тууралуу азыр айтылып жаткан маалыматтардын 90% ашыгы жалган экенин, ага карабай компания Ысык-Көлдөгү уран казуу боюнча долбоорду токтоторун” билдирди.

Ал эми «ЮрАзия Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Светлана Менг кенди казып алууда жергиликтүү тургундарга жана экологияга коркунуч жоктугун маалымдады.

“Уран кенинде эгер жер алдынан, урандын тамырынан ири казууларды жүргүзсөңүз гана чоң коркунуч болот. Биздин жагдайда бул абдан эле аз. Бул жерде адамдар бир нече муун жашап келген. Жөн эле көбүртүп жатышат. Биз уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Зарыл болсо, биз ал жерге бак тигип кетебиз. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер жөн эле таш жаткан талаа”, – деди ал.

24-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран боюнча билдирүү жасады.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *