«Замандаш» жана «Өнүгүү» биригүү боюнча меморандумга кол коюшту

«Замандаш» ассоциациясы жана «Өнүгүү» Фонду эки уюмдун эмгек мигранттарын колдоо жана укуктарын коргоо жаатында биригүү жөнүндө меморандумуна кол коюшту.

2017-жылдын 9-февралында эки уюмдун меморандумуна кол коюлду. «Өнүгүү» Фондунун атынан ЖК депутаты Мирлан Бакиров, «Замандаш» ассоциациясынан жетекчилеринин бири Майрамбек Жапанов кол коюу иш-чарасына катышты.

Тараптар эки уюмдун миссиясы бир болуп, бирдей максатта экенин белгилешти – бул аймактарды колдоо жана кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *