Замир каары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары: “Быйыл орозо кармаган мекендештерибиз өзгөчө көбөйдү”

Каарманыбыз айтылуу Замир каары өз кезегинде мусулманчылыктагы ыйык парз болгон ажылык сапар боюнча беш ирет республикалык штабды башкарып, бир канча ирет Меккеге карай жол баштаганы менен белгилүү. Мындай инсан менен улуу Рамазан айында орозо, андагы ислам дининин айныгыс эрежелери боюнча баарлаштык.

— Каарыке, быйылкы Жараткан Алланын ыйык Рамазан айы кандай өзгөчөлүктөр менен коштолмой болду? Алгач ушул жагынан ой айтып берсеңиз?

— Бисмиллахир рахмонир рахим! Эң оболу жалпы момун мусулман мекендештеримди Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана өзүмдүн атыман касиеттүү Рамазан айы менен куттуктайм! Алла Тааладан ушул ыйык айдан суранарыбыз: Рамазан айынын берекеттеринин баардыгын Кудай Таалам ар бир момун мусулман пендесине тартуу кылсын! Быйылкы орозо Кудайга шүгүр, тээ жай чилдедеги ысык күндөрдөн бери карай жылып, аба ырайы кадимкидей салкын болуп жатат. Орозо туткан пенделерден жаз мезгилиндеги өтө ысык же өтө суук эмес мындай жагымдуу аба ырайынан кыйналгандар дээрлик жок болуп жатат десек болот. Жараткан Алла Тааламдын ыйык айы быйыл ушундай жакшы күндөргө туш келди. Бул дагы быйылкы Рамазан айындагы өзгөчөлүк да. Мындан тышкары учурда Кыргызстан боюнча миңдеген жерлерде хатм курандар окулуп, жарандарыбыздын орозого болгон мамилеси жылдагыга караганда азыр өлкө аймагындагы ар бир мечитте таравих намаздарына келишкен өтө көп сандагы момун пенделердин катарынан улам өсүп жаткандыгын баамдасак болот. Мен бир эле көрүнүштү мисалдатып берейин. Айрым кичирээк мечиттерде жылына 300-400 чамалуу момун мусулман туугандарыбыз таравих намаздарын окуй турган болушса, быйыл андай көрсөткүчтөр кескин өсүп, жогорудагы мен атаган 400дөй туугандарыбыздын үстүнө дагы 200гө чукул жарандарыбыздын ибадат кылууга агылып келип жаткандыгын көрүп жатабыз. Ал эми чоң-чоң мечиттерибизде учурда намазга келген адамдарыбыз батпай, көчөгө дейре агылып чыгып калышууда. Кудайга тобоо, бул абдан жакшы көрүнүш. Муну менен момун мусулман бир туугандарыбыздын ислам динине тартылып, орозонун парз экенин билип жатышкандыктарынын белгиси десек болот. Сыртта жаз болуп, дыйканчылык, талаачылык иштердин кайнаган учуру болсо дагы жарандарыбыз куру шылтоолорго өтүшпөй, орозолорун эч үзбөй кармап жатышканын байкап жатабыз. Кудайга тобоо келтирели, орозо туткан мекендештерибиздин катары быйыл өтө көп.

— Орозодо айрым пенделер арасында саарлыкта оозду бекитип, дуба кылган соң ооздорун тиш пасталары менен жууп жатышат. Ушул жагынан көпчүлүктө кайчы пикир, түшүнбөстүктөр жаралууда. Оозду бекиткен соң тиш пастасы менен жууса ооз ачылып калат да, туурабы?

— Мындай жагдайды биз жакшы карашыбыз керек. Адамдар эртең менен саарлыкка турганда биринчи тишин жакшылап жууп алып, орозого даяр болуп, ооз бекиткен соң жөн гана чайкап коюсу жакшы болмок. Бирок, мамлекеттик кызматта иштеген адамдар же башкалар деле болобу, уйкудан турган убакта оозунан жаман жыт келип калбасы үчүн ооздорун тиш пастасы менен жуушуда. Мындай шартта тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калат дебейбиз, болгону тиш пастасы менен жууганда ооз ачылып калгандай даражага алып барбаш керек. Тагыраагы, тиш пастасын азыраак колдонуп, өтө этияттык менен тишинин тазалыгына кам урса болот. Тиш пастасын көбүрөөк колдонсо, албетте, оозун ачып алышы ыктымал.

— Орозодо ушул ооз жуумайдан тышкары дагы кандай кылдаттык менен талап кылчу жагдайларга көңүл буруу зарыл?

— Адам болгон соң орозодо момун мусулман бир туугандарыбыз жууна тургандай жагдай жаралышы мүмкүн. Өзгөчө мамлекеттик кызматта иштегендер жыйналышка же коомдук жайларга барабыз деп орозо маалында жуунуп, чайканып алууга мажбур болгон жагдайлар жаралат. Андай шартта душ кабыл алса болот. Болгону буга да өтө этияттык менен суу астында көп тура бербестен тез аранын ичинде жуунуп, кулак-мурунга суу кирип кеткендей абалдан өтө сак болуш керек. Экинчиден, орозо тутууда бир гана ашказанды ачка кылбастан, адамдын баардык мүчөлөрүн орозо туттуруу абзел. Баардык мүчөлөрү дегенде маселен, ошол эле кулакты жаман ушак-айыңдан, ыпыр-сыпыр, шайтан азгыра турган сөздөрдөн алыс болууга аракеттениш керек. Тилди да тыйып, кимдир бирөөлөр менен урушуудан же ушак сүйлөөдөн, чагымчылык кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдөн өтө этият болуу зарыл. Дегеле Рамазан айында ар бир мүчөнү орозо карматууга аракет кылуу керек.

— Өлкөбүздүн аймагында жылдан жылга орозо туткандардын катары калыңдап жатканын айтып жатпайсызбы, мындай жагдайда ошол эле арабдардын атактуу шейхтери кайрымдуулук иштерин көп жасашары турган иш. Рамазан айында чет өлкөлүк колунда барлар тарабынан өлкөбүзгө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүгө кызыкдар адамдарга сиздер тараптан көзөмөл барбы? Сырттагы диний жааттан коопсуздугубуз деле жыргатарлык абалда корголгон эмес да, дегеним…

— Туура, бир эле арабдар эмес, өзүбүздүн кыргыз жарандары дагы акыркы мезгилде кайрымдуулук иштерин кылганга үйрөнүшкөнү бизди да сүйүндүрөт. Мындан 10 жылдай мурун эле орозо туткан адамдардын оозун ачыруу сооп болорун биздин дин өкүлдөрүбүз колунда бар адамдарга түшүндүрүп, ооз ачырууну адатка айлантуу боюнча демилгени башташкан. Ошол учурларда ооз ачырган адамдар азыркыга салыштырмалуу өтө аз болчу. Азыркы убакта өзүңөр деле көрүп жатасыңар да, баш калаабыздагы банкет өткөрө турган кафе-ресторандардын дээрлик ооз ачыруу жөрөлгөсүнөн бошобой жатканын баамдаган чыгарсыңар. Шаар ичиндеги мечиттердин баардыгында күн сайын ооз ачырмай жөрөлгөсү болуп жатат. Соопчулук кылышты бир гана арабдар эмес, өзүбүздүн жарандарыбыз да үйрөнүп, көңүл кубанткан жагдайга барышууда. Биздин мусулмандар дин башкармалыгынын мындай иштерде сөзсүз көзөмөлүбүздү күчөтөбүз. Өлкө аймагындагы ар бир мечитке өзүбүздүн дин ишмерлерин дайындап, мечиттен момун мусулмандарга ооз ачтырууну каалаган жарандарыбыздын кандай, ким экенине сөзсүз кызыгуубузду жаратып, тамак-аштарын текшерүү жана аларга шарт түзүү жагын ошол өкүлдөрүбүз карап жатышат. Ал эми кафелердеги же үйлөрдөгү ооз ачырмай өнөктүгүн текшерүүгө алуу биздин милдетибиз эмес. Алар да өздөрүнүн мусулманчылык иштерин кылып жатышат. Биз баардыгын орозодо көзөмөлгө алганга физикалык жактан жетише албайбыз. Ал эми мечиттерде ооз ачырмай жөрөлгөсү биздин көзөмөлдө турат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ    

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *