Замира Мамбетова: “Эртең Ак үйдүн алдына мектептеги коррупция боюнча митингге чыгабыз”

Эртең, 2-октябрда, Ак үйдүн имаратынын алдында бардык аймактан келген ата-энелер чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшөт. Бул тууралуу Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылынын тургуну Замира Мамбетова билдирди. Замира айым менен ат жалында маек курдук.

– Замира айым, эртең эмне максат менен Ак үйдүн алдына ата-энелер чогулуп жатасыздар? Жашыруун болбосо, муну уюштуруунун башында ким турат?

Акциянын негизги уюштуруучулары – ата-энелер. Башында “Кыргызстан аялдары” коомдук бирикмеси турат. Андан башка дагы коомдор кошулуп жатат. Эртең, 2-октябрда, саат 9:00дон-14:00го чейин Ак үйдүн алдына билим берүү тармактарындагы мыйзамсыз акча чогултууларга каршы акция уюштуруп, жемкорлорду атын ачык эле атайбыз. Ал жердеги эң башкы коюлчу талаптарыбыздын бири – мектептеги фондго чогулган акчаны жоюу. Балдарга деп мугалимдер акча чогултушат же анын отчетун беришпейт. Ушул көйгөйлүү маселени мурда эле көтөрүп, кабыргасынан коюп, Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы министри Гүлмира Кудайбердиевага айтып, какшап келгенбиз. Ал бул маселени чечкен жок.

– Жаңы министр менен жолугушуп, сүйлөшө алган жоксуздарбы?

– Каныбек Исаков жаңы министр болуп келгенде эле ушул маселе менен ага барып жолукканбыз. Жолугушууда айтканбыз, буйрук чыккандан кийин ММКлар аркылуу элдин алдына жарыя кылып коюңуздар деп, эл алдына чыккан жок. Демек, бизди тынчтык митингге чыкпасын деп эле убактылуу сооротуп, тынчытып коюшуптур деп ойлоп калдык. Ошондон улам, мектептеги коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылалы, ошого чекит коелу деген максат менен эртең Ак үйдүн алдына чогулганы турабыз. Эртең нак коррупционерлердин аты аталат. Президент Сооронбай Жээнбеков: “коррупционерлердин атын атагыла, ачык айткыла”,-деп айтып келатат го.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *