Зер базарынын 80%ы көмүскө иштейт

Кыргызстанда сатылып жаткан зер буюмдардын дээрлик 80%ы өлкөгө аткезчилик жолу менен ташылып келген
же колго жасалган. Каржы министрлиги мындай мыйзам бузуулар менен күрөшүү үчүн 5-10 миң сомдук айыппул салуу чарасы натыйжа бербесин, андыктан кылмыш жообуна тартуу жагы каралып жатканын билдирүүдө. Тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Депутаттардын айтымында, учурда Кыргызстандын зер базарында негизинен Кытайдан, Индия жана Түркиядан келген буюмдар сатылууда, Алар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын пробаларына туура келбейт. Былтыр, маселен, 362 сатуучу текшерилип, анын 279уна 1 млн. 390 миң сомдук айыппул салынган.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *