Ж.Жеенбаев атындагы медаль жасалды

Кечээ, 24-октябрда, Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз Республикасындагы физика-техника жана материал таануу тармагындагы изилдөөнүн бүгүнкү күндөгү абалы” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Россиянын окумуштуулары, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиев, Кыргызстандын окумуштуулары, жождордун окутуучулары катышты.

Конференциянын ачылышында куттуктоо сөзү менен сүйлөгөн, Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик А.Эркебаев улуу окумуштуу Жаныбек Жеенбаевдин илимдеги орду, анын инсандык сапаттарына жогору баа берип жатып төмөнкүлөрдү билдирди.

– Академик Ж.Жеенбаев бир гана физика илимине зор салым кошпостон, деги эле академиялык илимге да бараандуу салым кошту. Кыргыз Улуттук илимдер академиясы бүгүнкү күндө аш алып барып жаткан мыйзам дагы мыкты уюштуруучу Жаныбек Жеенбаевич тарабынан демилгеленгенин, академиянын мүлкүнө эч ким кол салгыс деп  мыйзам чегинде бекитип бергенин эске алсак.

Кыргыз Улуттук илиминин эгемен жылдардагы татаал жолуна, андагы Жаныбек Жеенбаевичтин жасаган иштерине токтолгон КР Жогорку Кеңешинин депутаты, академик Кубанычбек Жумалиев:

  • Эгемендик келгенде бардык постсоветтик мамлекеттер, анын ичинде илим тармагы өз жолун издей баштады. Казак республикасы болсо илимдер академиясын жапты. Ага караштуу мүлктөрдүн бир бөлүгү окуу жайларга, бир бөлүгү жеке компанияларга таркатылды. Мына быйыл Нурсултан Абишевич бул туура эмес кадам болгон экен деген ойго келип, илимдер академиясын кайра калыбына келтирүүнү ойлонуштурууда. Ал эми Тажик республикасынын илимдер академиясы ал учурда кыскартууга барышканы менен бүгүнкү күндө илимге акчаны бир топ бөлүшүп, келечектүү иштерди жасап жатышат. Мындай учурда биздин илимдин абалы жөнүндө айтсам, биздин илимий кызматкерлердин маянасы 5 миң 600 сомдон башталат. Аларга ыраазычылык гана билдириш керек. Бул жаатта быйыл ЖКнын Социалдык саясат Комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети, биздин “Бир бол” партиясы да аракеттерди жасап жатабыз – деди.

 Конференцияда академик Аскар Кутанов магнитрондук чачыратуу аркылуу нанопленка  түшүрүү технологиялары, күн батареяларына нурду кайтаруучу жабуу жана башка изилдөөлөрү менен бөлүштү. Анын ичинде титанга тикелей лазердик жазуу ыкмасы боюнча жасаган ишинин бирин  академик Жаныбек Жеенбаевич Жеенбаевдин жаркын элесине арнагандыгын айтты. Бул ыкма эч кандай боёксуз эле, лазердик жазуунун түрдүү ыкмалары менен түс бергендиги менен айырмаланат. Окумуштуу А.Кутанов Ж.Жеенбаев атындагы медалды жаш, физика жаатында ийгиликке жетишкен окумуштууларга акчалай сыйлык кошуп берүү жөнүндө демилге көтөрдү.

– Ж.Жеенбаев атындагы медаль болгон соң, физикага кызыккан жаш илимпоздорго дем берүү иретинде акчасы менен кошуп сыйлаш керек. Буюрса жакын арада бул иш-чараны да уюштурабыз деп ойлойм – деди ал.

Иш-чара академик, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевичтин жаркын элесине арналган.
Конференцияны КР УИАнын Ж. Ж. Жеенбаев атындагы Физика-техникалык проблемалары жана материал таануу институту уюштурду.

Илимий-практикалык конференцияда Кыргызстандагы физика илиминин Кыргызстандагы алгачкы өнүгүү этаптары, синергетикага тийиштүү маселелер, физика боюнча маселелерди чечүүнүн жалпылаштырылган алгоритми, ташты кесүү үчүн алмаздан жасалган шайманды даярдоо технологиясы, табигый таштарды бузуу, катуу материалды синтездөө үчүн жогорку басымды генерациялоо, наноматериалдарды алуунун жолдору, Ак-Түз кен чыккан жердин суусундагы изотоптун тутумун изилдөө жөнүндө билдирүүлөр жасалды.

Маалымат үчүн:

Академик, белгилүү кыргыз окумуштуу физиги, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевичтин көзү өткөнүнө 10 жыл болуп калды.

Жаныбек  Жеенбаевич   Жеенбаев, Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылында 1931-жылдын 14-сентябрында туулган. 1950-жылы Пржевальск шаарындагы Мамлекеттик мугалимдер институтун артыкчылык менен аяктаган жана Күрмөнтү орто мектебине жиберилген, ал жерде 6-10-класстарга физика сабагынын билим берген. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетиндеги физика-математикалык факультетин, ал эми 1960-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.

1960-жылы кандидаттык диссертацияны жактап, ошол жылдан баштап Илимдер академиясынын Физика институтунда илимий кызматкер, лабораториянын жетекчиси, директору болуп иштеген. 1971-ж. физика-математикалык илимдердин  доктору, 1972-ж. профессор, 1989-ж. – КР УИАнын академиги болгон. 1993-жылы КР УИАнын вице-президенти, ал эми 1997-жылы – КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланган.

Академик, чыгаан окумуштуу Жаныбек Жээнбаевдин аты Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөргө да таанымал, ал төмөн температуралуу плазма жана атомдук  спектроскопия жаатындагы белгилүү окумуштуу. Анын илимий жетекчилигинин алдында Кыргызстанда биринчи жолу төмөн температуралуу плазма генераторлорун – плазматрондорду изилдөө башталган жана пайдаланылган. Окумуштуу тарабынан төмөн температуралуу плазманын жана атомдук спектроскопиянын илимий мектеби практика жүзүндө түзүлгөн; ал жана анын окуучулары бир каналдуу, эки жана үч агымдагы плазматрондордун принципиалдуу жаңы конструкцияларын түзгөн, алар мурдагы СССРде, кийин КМШда жана башка  жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Машиналардын жана механизмдердин деталдарын калыбына келтирүүнүн жана бекемдөөнүн плазмалык технологиясы Швейцариянын, Франциянын жана  Малайзиянын өндүрүшүндө ишке киргизилген.

Анын жетекчилиги менен отуздан ашык плазмалык технологиялар ишке киргизилген. Эки агымдуу плазматронду изилдегендиги жана технологияга киргизгендиги үчүн Ж.Жеенбаев жетектеген окумуштуулардын тобу КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Академик Ж.Ж.Жеенбаев 300 илимий эмгектин, анын ичинде 9 монографиянын, 29 автордук күбөлүктүн жана 9 патенттин автору.

Ж.Ж.Жеенбаевдин жетекчилигинин алдында илимдин 18 кандидаты жана 2 доктору даярдалган. Ал илимий ишти педагогикалык иш менен айкалыштыра билген.

Кыйын учурда (1997 – 2007-ж.) КР УИАнын президенти болгон учурда Ж.Жээнбаев Улуттук илимдер академиясынын илимий, техникалык жана чарбалык потенциалын сактап гана калбастан, аны көбөйткөн.  КР УИАнын президентинин кызматында академик Ж. Жээнбаев өзүн илимдеги сейрек уюштуруучу катары көргөзгөн: академиянын ичиндеги институттар жана башка түзүмдөр менен жогорку деңгээлдеги илимий-уюштуруу иштери менен катар Кыргызстандын илиминин ар кандай жааттарында ири эл аралык конференцияларды, саммиттерди жана семинарларды өткөргөн. Ал АКШда, Германияда, Японияда, Кореяда, Кытайда, Испанияда, Болгарияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө илимий баяндамалар менен чыгып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун, ошондой эле башка институттарынын окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын кеңири жайылткан.

Ж.Жээнбаев коомдук ишмер катары да белгилүү. Илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин төрагасы катары да зор салым кошкон. Ал Кыргызстандын физика коомунун президенти, Евразия физика коомунун (ЕАФК) вице-президенти, Физика боюнча проблемалуу кеңештин төрагасы, Физика жана астрономия боюнча Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясынын мүчөсү жана редакциялык кеңештин төрагасы, көптөгөн мамлекеттик комиссиялардын жана чет өлкөлүк бир катар академиялардын мүчөсү, КР улуттук аттестациялык комитетинин президиумунун мүчөсү, “Известия” журналынын башкы редактору болгон.

Илим жана техника жаатындагы ишке кошкон үзүрлүү эмгеги жана зор салымы үчүн Ж. Жээнбаев көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар – СССРдин үч медалы,  ЦК КПССтин, ВЦСПСнын жана ЦК ВЛКСМдын Ардак грамоталары, Кыргызстандын ЦК КПнын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы, III даражадагы “Манас” ордени жана эл аралык уюмдардын башка медалдары менен сыйланган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *