Жайыл районунда көлмөгө чөгүп кеткен 40 жаштагы жаран изделүүдө

Жайыл районунда 40 жаштагы киши көлмөгө чөгүп кетти. Учурда ал изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча 17-октябрда саат 11:17 чамасында Жайыл районунун Степное айылындагы “Мелиорация” көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т.И. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келген. Издөө иштерине 9 куткаруучу тартылган. Бирок, натыйжа болбогону үчүн издөө бүгүн да улантылат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *