Жакшылык Бердибек уулу, журналист: “Амантур Мусагулов, айылыңдын атын булгабай “Мантыш” гезитиңе башка ат коюп алсаң…”

Унчукпай коё албадым дегендей эле маселе. Айтып кетпесем болбос. Тигил жакта макала катары жазып, элге айта турган киши өлүмүн алган, улуттун тагдырын чечкен маселелери толуп жатса деле эч бир күнөөсү жок Алмамбет Шыкмаматовду “именно” ушул “Де-факто” менен “Мантыш” гезити каралап жазат десең. Сандан-санга. “Де-факто” мен иштеп кеткен гезит. “Мантыш” болсо гезиттин редактору Амантур Мусагуловдун туулган айылынын атынан коюлган. Ушул эки гезитке редактор болуп жаткан Амантур Мусагуловго айылыңдын атын булгабай башка ат коюп алсаң деп сунуш кылам.

Амантур Мусагулов 2 жыл мурун төбөгө жеген бирөөдөн. Ал төбөгө урган адам ушундай бир эч себепсиз эле каралоого кабылгандардын бири. Азыр “Де-факто” гезити Жумгалда админресурка аралашып жүргөн КСДПчы депутат Афтандил Кулбараковдуку. Анан дагы бир башкы КСДПчы Иса Өмүркулов Амантур Мусагуловго официалдуу эмес демөөрчү. Мен “Де-фактодо” иштеп турган 3 жыл ичинде биз эки жакты берүүгө аракет кылчубуз. Айбыкчубуз кимдир бирөөнү каралоодон. Мен журналист жазган маалыматы үчүн кайра кечирим сураганын абдан уят деп эсептейм. Бакыт Төрөбаевге оор айып койгон макала жазып, кайра андан кечирим сурады. Эми ушул кемчилигинен деле сабак албайбы Амантур Мусагулов. Анын менин алдымда чоң айыбы бар. Аны толук чечише элекбиз. Кайсыл гана кылыгыңды айтайын Амантур! Афтандил Кулбараков болсо эми баарын акча менен бийлик чечет деген бир пенде окшойт да. Бир кой ай деп койбогон. А Иса Омуркулов агабыз деле өзү жардам берип жүргөн инисине кеңеш берип койсо болмок.

Жакшылык Бердибек уулу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *