Жакшылык Бердибек уулу, журналист: «Тарыхты Атамбаевдин командасына кызмат кылгандар же алардын кошоматчылары жазбайт»

Жакшылык Бердибек уулу Кыргызстандагы жигердүү жана прогрессивдүү журналисттердин бири. Ал журналистикага жаңы аралашкандан баштап кыргыз маалымат айдыңындагы айрым кемчиликтер менен келишкис күрөшүү жүргүзүп келет. 2013-жылы бир катар жаш журналисттердин башын кошуп, “Антиөрдөк” кыймылын уюштурган. Кыймыл кыргыз журналисттеринин өз ишмердигинде такталбаган жана бурмаланган маалыматтарды таркатуусуна принципиалдуу каршы турган. Бирок, Жакшылык ал кезде бийликчил деп эсептелген “Де-Факто” гезитинде иштеп тургандыктан, анын бул ишмердиги эркин журналисттерге каршы коё берилген атайын долбоор катары кабыл алынган. Анткени, кыймылдын иш-аракеттери “ээн ооз” журналисттердин иштерин тыкыр “текшерүүгө алып”, бийликчил ММКлардагы “өрдөктөргө” көз жумду мамиле кылгандай таасир берчү. Кийин “Антиөрдөк” “көз жумуп”, андагы активист журналисттер баррикаданын аркы (оппозициялык) тарабына ооп кетип, бийликтин каталарын кескин сындары менен каптап кирди. Учурда бийликтен аёосуз запкы жеп, абакта отурган Ө. Текебаевдин жигердүү тарапташына айланган, бир кездеги “Антиөрдөктүн”лидерлеринин бири Жакшылык Бердибек уулун кыргыз маалымат айдыңындагы кырдаалга өз тажрыйбасы аркылуу саресеп салып көрүүгө чакырдык.

— Жакшылык, сен учурда Ө. Текебаевдин берилген тарапташы катары активдүү жана ачуу позицияларыңды билдирип келесиң. Бийликтин Текебаевге жана жалпы эле оппозициялык ишмерлерге карата жасап жаткан мамилесин кандай баалап жатасың?

— Менин өз максаттарым бар. Азыркы учурда Өмүрбек Текебаевди колдоп жатканым бул жашоодогу чоң максаттарымдын бири. Мен ушул жол менен тарыхымды түзөм жана ал аркылуу кийин мага эл баа беришет. Ал эми бийликтин, тактап айтканда Атамбаевдин командасынын Текебаевге жана жалпы саясий куугунтуктагыларга жасап жаткан мамилеси бул алардын пендечилик деңгээлден өйдө көтөрүлбөгөндүктөн, адамдык эмоциясын жеңе албагандыктан, алдыдагы улуу максаттары жоктуктан болуп жатат деп эсептейм. Тарыхты Атамбаевдин командасына кызмат кылгандар же алардын кошоматчылары жазбайт. Тарыхты илимий интеллигенция, саясий элита жазат, а ал тарыхты эл кылымдан кылымга сактайт. Өмүрбек Текебаевге сот учурунда, ММКлар аркылуу, чыгармалар аркылуу илимий жана саясий интеллигенция баасын берип келе жатат. Ал эми бийликтеги күчүн сактап тургандар акча, кызмат аркылуу, жалданма адамдар аркылуу жасалма логика менен баа алып жатышат.

— Кыргыз маалымат айдыңында акыйкаттык маселеси кандай чагылдырылууда?

— Акыйкаттыкты эч бир заманда абсолюттуу туура чагылдыруу болгон эмес деп ойлойм. Бирок, такыр эле чагылдырылбай калган учур дагы болбойт. Кыргызстанды 2011-жылдан бери башкарган бийлик ММКлардын көпчүлүгүн өзүнө көз каранды кылып алды. Ошентсе дагы интернет өнүккөн заманда көз карандысыз ММКлар мүмкүнчүлүгү аз болсо дагы кем калышпай иштеп жатат. Менин оюмча акча үчүн бийликтин туура эмес буйрутмаларын же кимдир бир байлардын тапшырмаларын аткарып, коомго каршы иштей турган болсо, жазалаш керек деп эсептейм. Бийликти сындаган журналисттерди жазалоого каршымын. Анткени, бийликтеги адамдар кызмат кылуу үчүн келди. Бир эле жерден жаза басып, чөптүн башы эле кыймылдай турган болсо, аларды сындаш керек. Албетте, көпчүлүк журналисттер жазган чындыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүгү жок болуп калышы мүмкүн. Бийлик кызматындагылар кечиримдүү, көтөрүмдүү болуусу зарыл.

— Кечиресиң, эмне үчүндүр бул сөздөрүң 3–4 жыл мурдагы Жакшылыктын иш-аракеттерине карама-каршы келип тургандай. Сен бийликчил деп эсептелген “Де-Факто” жана “Эгемен” гезиттеринде иштеп турган ошол жылдары, менин баамымда, бийликтин ар бир кадамдарын корголоп, ага каяша айткан журналисттерди жөнсүз сынга алып жаткандай элес берээр элең. “Точка зрения зависит от точки сиденья” дегендей, сен анда бийликтин таасири астында иш алып барып жаткандай сезилчүсүң. Сен өзүңдү бир канча мезгил бою мурунку бийликтин куралы болуп калдым деп ойлобойсуңбу?

— Мен 2013–2015-жылдары “Де-Факто” гезитинде иштегем. Катардагы кабарчыдан акырында редакторлук кызматтарды аркаладым. “Де-Фактонун” ээси Илим Карыпбеков колунан келишинче эркиндик берүүгө, бардык тарапты чагылдырууга аракет жасачу. Гезитте мен эркин журналист сыяктуу болчумун. Мен Атамбаевдин командасын жеринен эле сындайм. Тааныштарым билет, мен студент кезим болчу, чоң үмүт менен митингге чыкканбыз, ошондо 2007-жылы Ала-Тоо аянтындагы он миңдеген элди аттап өтүп, Бакиевдин премьер-министри болуп кеткен күндөн тартып жек көрөм. 2011-жылы президенттик шайлоодо мен катардагы үгүтчү катары Байболовдун штабында иштегем. Ким болсо дагы Алмазбек Атамбаевден башка киши президент болсо деп каалачумун. Бирок, ачыгын айтышым керек, 2014-жылы мен “Де-Факто” гезитине редактор болуп иштеп турганда бийликти сындабай калгам. Атамбаевдин командасын жата калып коргочу дагы эмесмин. Гезиттеги материалдарга мен толук жоопкер эмес элем. “Эгемен” деген сайтка бир дагы материал жазган жокмун. Башында Адилет Калыгулов деген бала “Текебаевди да жамандабайбыз, иштетип бер” — ​деп сунуштады. Мен өз акчам менен сайтты ачып, иштетип баштаганда эле Калыгулов өз шефтеринин тапшырмасы менен Текебаевди жамандап жазып кирди. Мен байланышты үздүм, ал акчамды бербей кетип калып, бир топ макалаларды мага шылтап жарыялап жүрүптүр.

— Кийинки мезгилдерде сен өзүң туура деп эсептеп жаткан чындыгыңды тартынбай билдирип, айрым учурларда сенин чындыгың талашка түшкөн учурлар да болууда. Сенин ачуу билдирүүлөрүң жана маалыматтарың менен макул болбогондордун пикирлерине канчалык муюйсуң?

— Мен профессионал же идеалдуу журналист эмесмин. Менин чындыгым абсолюттук эмес. Жарыялаган маалыматтарымдын туура эмес, ал тургай коомго каршы учуру кездешип калышы ыктымал. Ошондуктан, менин чындыгым менен макул болбогондор ачык талкуу аркылуу пикир билдиришсе мен уламдан-улам түзөлөм. Мен өзүмчүл эмесмин, мүнөзүм токтоо болгондуктан башкалардын пикирин да сыйлайм.

— Бир кездери “Анти өрдөк” деген жамаат түзүп, бийликке сын айткан бир катар журналисттерге ачык чабуул (маалыматтык) уюштуруп жүрдүң эле. Кийин ар кандай себептер менен өзгөрттүң. Ошол пикириң азыр да ошо бойдонбу же өзгөрдүбү? Айтайын дегеним, ошол кездеги сен сындаган кесиптештер менен азыркы сенин абалың боюнча эмне айта аласың?

— Мен журналисттик коомго 2012-жылы аралаша баштагам. Бир жылдай убакыт өткөндөн кийин тааныштарыма же жаңы таанышкан адамдарыма “журналист болуп иштеп жатам” — ​десем “аа ушакчыбы, акча алып жазат ээ, көп журналисттер?” — ​деген сыяктуу сөздөрдү көп айтышчу. Менин макалаларымды окубай туруп эле журналистиканын сыртынан ушундай баа бергендерди көп укчумун. Мен коллегаларым менен сүйлөшкөндө ушул маселе тууралуу көп сүйлөшүп жүрдүм. Бир күнү маркум Улан Эгизбаев менен журналисттерди чогултуп сүйлөшүү тууралуу макулдаштык. Жаш журналисттер менен биргеликте “Жаш журналисттер кыймылы” деп жамаат түздүк. Ошол жерде биринчи эле “башка журналисттер “өрдөктөргө” каршы акция өткөрөбүз” — ​деп демилгелешти. Ар кимибиз аз-аздан акча чогултуп алып “мына, биз тазалангыбыз келет, биз журналисттер сатылган, ушакчы, өрдөк кесиптештерге каршыбыз” — ​деген ураандар менен кагаздан жасалган өрдөктөрдү өрттөп, өрдөктүн этин жеп “Анти өрдөк” деп аталган акция өткөргөнбүз. Ошол учурда мен журналист досторумдан бир-экөө менен кесиптик иш боюнча келише албай жүргөм. Бирок, мен акция учурунда же ММКларга ал эки кесиптеш тууралуу ооз ачкан эмесмин. Ошентип, эртеси мени бийликтин адамы кылып салышты. Улан Эгизбаевди Ак үйдөгү Абдил Сегизбаевдин жакын тууганы кылып салышты. Ал жаш журналисттердин жамаатын мен же Улан экөөбүз жалгыз түзгөн эмеспиз. Ал жерде 100гө жакын кесиптештер бар эле. Менин пикирим ошол эле бойдон. Журналисттер колдон келишинче ушак таратпай, чындыкка гана жакын болушубуз керек. Башкаларды сындагандан мурун өзүбүздү дагы сын көз менен карап, тазаланып алышыбыз керек. Мен маалымат жарыялап же бир нерсе айтып жатканда жалган болуп калбасын, коомго зыяны тийбесе экен деп корком. Анткени, менин бир жалган маалыматым коомго гана зыян алып келбестен, мага болгон окурмандардын, тааныштарымдын ишеничин кетирет. Мага кийин эч ким ишенбей калышынан корком. Ошондуктан ар бир маалыматымды жүрөгүмдү угуп, акылым менен кеңешип жарыялайм. Ошол кездеги бийликти сындаган кесиптештеримдин көпчүлүгү менен мамилем жакшы.

— Депутат Аида Салянова да парламент менен коштошуп жатып айтты “Калп айтуу идеология болуп калды” — ​деп. Сен өткөн кездеги тажрыйбаңа таянып айтчы, учурда кайсы тарапта учурма “өрдөктөр” басымдуулук кылат? Бийликчил ММКлардабы же көз карандысыз деп эсептелген жеке менчик ММКлардабы?

— Айландырбай эле кыскасын айтсам — ​бийликчил ММКлар калпты көп айтат. Анткени аларга тапшырма берген кишилер калпычылар. “Кылмыш кылгандыгы тууралуу жалган маалыматты атайылап тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек” деген мыйзам долбооруна мурунку президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы кол койгон. Эгер бул мыйзам баарына бирдей иштесе КТРК жана “Белизгейт” аферасын тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мен бийликчил ММКлардан бир канчасынын атайылап тараткан жалган маалыматтарын далил буюм катары топтоп алгам. Эгер коомчулук кааласа аларды сот жоопкерчилигине тартса болот.

— Бийликтин акырынан жем жеген айрым ММКлар менен журналисттердин сен сыяктуу эркин журналисттерге таккан сын пикирлерин канчалык орундуу жана акыйкат деп эсептейсиң?

— Мамлекеттен каржыланган жана бийликке тиешелүү ММКлардын бардыгын туура эмес кылып жатат деп айта албайм. Бирок, “Эгемен кж” деген интернет сайттын эң төмөн дэңгээлине түшкөндөр жок го. Алар бир киши берген тапшырмадан дагы артык кылып, коомго зыян келе тургандай маалыматтарды жарыялашат. “Бөрк ал десе баш алган” ашкере кошоматчылар десем болот. Сиз менен биздин төлөгөн салыгыбыздан айлык алып иштеп аткан КТРКны мен 2011-жылдан баштап эле көрбөй калгам. Ал жакта эмне жаңы өзгөрүүлөр болду экен деп кээ бир учурда ойлонуп калам.

— Эмне үчүн “Антиөрдөк” жамаатын кайра көтөрүп, ошол ММКлардын калптарын ашкерелеп, коомдун алдына жайбайсың анда? Же эми дос-тааныштарыңдын “журналисттер ушакчы” деген пикирлерине уялбай калдыңбы?

— Менин байкашымча чынында дос-тааныштарымдын “журналисттер ушакчы” деген тамаша-чын аралаш сөздөрүнө көнүп калдым окшойм. Мурун журналисттик коомго жаңы аралашып таң калып атсам керек. “Антиөрдөк” деген иш чараны улантууга башка жаш журналистер киришсе жакшы болмок. Мен улам-улам эле “өрдөк” ата бергим келген жок.

— Бийликчил жана эркин журналистиканын кимиси акыйкатка көбүрөөк жакын экендиги боюнча туруктуу пикириң калыптандыбы?

— Менин билгеним — ​Кыргызстанда жаңы бийлик орношкондо көп болсо бир жылга жакын акыйкат иштөөгө аракет кылат экен. Андан кийин тетири аракет кылып, мөөнөтү бүтөөрдө бийликчил журналисттер аркылуу ыплас, жалган маалыматтарды таратып, бийликте сакталып калууга аракет кылышат. Мен эркин журналистиканы сүттөн ак деп айтуудан алысмын. Бири-биринен асман менен жердей айырмаланбайт. Кыскасын айтканда Атамбаевдин командасы акыркы жылдары ММКлары аркылуу максималдуу, фантастикалык жалган ушактарды таратып жатып, акыйкатты чагылдырууга убактылары да болгон жок. Бирок, ушак, жалган маалымат чагылдырылган жерде акыйкаттуулукка орун деле болбойт да.

Маектешкен Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *